Акыркы макалалар

ЖРТга документ тапшыруунун мөөнөтү узартылды

ЖРТга документ тапшыруунун мөөнөтү узартылды

Абитуриенттер үчүн улуттук тестке документ тапшыруу мөөнөтү узартылды. Эми жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандар 14-майга чейин документерин тапшыра алышат. Ал үчүн аймактардагы билим берүү башкармалыктарынан маалымат сурап, кайсы даректерге кайрылуу керектигин тактап алуусу кажет.

Жалпы тестирлөөгө документ тапшыруунун мөөнөтү узартылганы жогорку билим алууну каалагандар үчүн жакшы жаңылык болду. Анткени көпчүлүк абитуриенттер орто билим берүүчү коледжди бүткөндөн кийин тестирлөөгө катышууга үлгүрбөй калышчу.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тестирлөөнүн 2-туру болоорун жана документ тапшыруу мөөнөтү узартылгандыгын жарандарга түшүндүрүп жатышат. Азыркы учурда 1-турдан тестирлөөдөн өткөндөрдүн жыйынтыгы чыгып, эми 2-турга каттоо башталды.

“Жогорку окуу жайына тапшырууну каалагандар 14- май күнү саат 1ден 4кө чейин Ош шаарындагы №4, 52, 50, 42 жана Жетиген мектептерине барып, каттоодон өтүшсө болот”,- дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Жамиля Токтошова.

Ош шаарында тестирлөөнүн 1-турунан 2000 ге чукул бүтүрүүчү өттү. Бул көрсөткүч 2-турдун жыйынтыгы менен дагы көбөйөт. Документ тапшыруунун мөөнөтүнүн узартылгандыгы өлкөнүн баардык аймактарына тиешелүү.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg