Акыркы макалалар

Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш башталат

Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш башталат

Бүгүн, 6-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-май жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталат. Оюн 9-майга чейин созулат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

Мелдеште жалпысынан 4 команда Жогорку Лигада жана 6 команда Биринчи Лигада беттешет. Жогорку Лигага өлкөнүн мыкты командалары кирди. Алар «Достук», «Ынтымак», «Четинди» жана «Биримдик» командалары. Бул командалар беттешти жарым финалдык баскычтан баштап, алгачкы жеңиши менен эле финалга өтөт.

Ал эми Биринчи Лигада «Сары-Өзөн», «Көк-Жал», «Аафият», «Толкун», «Жаш-Күч» жана «Жаш-Тилек» командалары «А» жана «Б» тайпаларына бөлүнүп, айлампа түрүндө өз ара беттешишет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg