Акыркы макалалар

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт

Мамлекеттик системада коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында тургундар менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүү президенттик ишиндеги эң артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет. Эл башкарам дегендер эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек. Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында да коррупцияга каршы күрөш токтобостон күчөтүлөт. Бул күрөш өзгөчө элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик структураларда болот.

Ал бул ишти сөзсүз аягына чыгараарын айтып, жакынбы, бир тууганбы, доспу — эч нерсеге карабай турганын баса белгиледи.

“Мен өзүмөн баштайын, үч бийлик бутагынын жетекчилери өзүнөн баштасын, бардык жетекчилер написини тыйып, өзүбүздөн баштасак, коррупция өзү эле токтойт. Президент жалгыз коррупция менен күрөшө албайт, аны менен күрөшүү жалпы улуттук болушу керек, биргеликте гана аны жеңе алабыз”, — деди Жээнбеков.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg