Акыркы макалалар

Арабаев: Текебаев сот аркылуу акталса саясатка келет

Арабаев: Текебаев сот аркылуу акталса саясатка келет

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековдон Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына, Адам укуктары боюнча жалпы адамзаттык декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгын утурлай Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранды.

Оторбаевдин кайрылуусунда Текебаев парламенттин бир нече чакырылыштарында депутат болгону, 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири экени, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышына зор салымын кошуп, легендарлуу парламенттин дагы депутаты болгону камтылган.

Анда Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана анын коопсуздугу мамлекеттик маанидеги олуттуу маселеге айланганы, анын көз жаздым болуп кетишине айрым агымдар, башка үчүнчү күчтөр да кызыкдар болушу ыктымал экени жазылган. «Кол салуу же башка мерт-шөрт окуялар болуп кетсе анын убал-сопкут, жоопкерчилиги азыркы бийликтин, анын туу чокусунда турган ажобуз, сиздин абийириӊизде калаары жашыруун эмес», — дейт Оторбаев.

Биз камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев боюнча Акыйкатчынын билдирүүсү тууралуу Кадр кызматынын мурдагы төрагасы, юрист Чолпонкул Арабаев менен маектештик.

Марал: Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан эле. Акыйкатчынын билдирүүсү боюнча Текебаевге мунапыс берүүнүн юридикалык тарабын айтып берсеӊиз.

Чолпонкул Арабаев: Акыйкатчы өзүнүн укугунан пайдаланып, жаӊы келген президентибиз Сооронбай Шариповичке кайрылган экен. Бул Акыйкатчынын Конституциялык укугу. Ырайым кылуу маселеси дагы абдан туура белгиленген экен. Бул биздин аракеттеги Баш мыйзамдын 64-беренесинин 10-пунктунун 4-пунктчасында каралган. Ырайым кылуу Кыргызстанда бир гана президентке берилген укук. Президентке ырайым кылуу тууралуу кайрылуу болгондон кийин президент ал укугунан пайдалана турган болсо тийиштүү комиссия түзүлөт, андан кийин буйрук чыгат.

Марал: Өмүрбек Текебаевдин ишинде юридикалык жагынан дагы саясий тарабы бар да. Бул жагынан алганда абал кандай болушу мүмкүн?

Чолпонкул Арабаев: Ырайым кылуу дегенде соттолгон адам күнөөнү мойнуна алып, оӊолуу жолуна түштү дегенди билдирет да. Ошондуктан Текебаев Өмүрбек Чиркешович ырайым кылууну каалайбы деген экинчи маселе бар. Анын жактоочулары Европадагы адам укугу жана негизги эркиндиги боюнча сотко кайрылабыз деп жүрүшкөн. Эгер Текебаевдин ишиндеги жаӊы ачылган жагдайлар боюнча иш кайра каралса, анда ал сот аркылуу акталышы керек. Бизде буга окшогон жагдай буга чейин дагы болгон. Феликс Шаршенбаевич Кулов революциядан кийин кайра түрмөгө барып «Мени сот аркылуу актагыла» деп өзү отуруп алган. Бул жагынан алганда соттун гана чечими менен чыкмайынча Текебаевдин ишин бир жактуу караш кыйын. Ошонда Өмүрбек Чиркешовичтин кайра саясатка келүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

Марал: Акыйкатчы Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугуна тынчсызданып жатпайбы. Буга канчалык негиз бар?

Чолпонкул Арабаев: Мен Өмүрбек Чиркешовичтин жанында болбогондон кийин же колумда тиешелүү документтер жок болгондон кийин бир нерсе деп айтыш кыйын. Эгерде Текебаевдин өмүрүнө коркунуч жарала турган болсо сөзсүз түрдө биринчи кезекте аткаруу бийлиги, андан кийин бийликтин башында турган адамдар түздөн-түз жоопкер болот. Анткени бул киши жөн киши эмес да. Акыйкатчы дагы «Конституциянын 25 жылдыгына карата мунапыс» деп туура белгилептир. Анткени Өмүрбек Чиркешович 25 жылдан бери депутат болуп, демократиянын, Кыргызстанда Конституциялык түзүлүштүн өнүгүшүнө зор салымын кошуп келген. Менин оюмча эгер саясатка байланышкан иштердин бардыгы сот жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыкса элдин бийликке болгон ишеними жогорулайт эле.

Марал: Сиз өз сөзүӊүздө Өмүрбек Текебаев сот аркылуу акталып чыкса саясатка келүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айттыӊыз. Эгер Акыйкатчынын кайрылуусу менен президент мунапыс берсе Өмүрбек Текебаевдин чечими кандай болот деген ойдосуз?

Чолпонкул Арабаев: Аны Өмүрбек Чиркешович өзү чечээр. Бирок сөзсүз түрдө мыйзамдуу акталыш керек. Башка сөз ким болбосун мейли Башкы прокурор болобу, сот болобу же өкмөттүн мүчөсү болобу баардыгы мыйзам чегинде чечим кабыл алыш керек. Мыйзам жагабы жакпайбы мыйзамдын чегинде чечим болуш керек. Анткени бийлик келет, кетет. Ал эми бийликтин туткасы болгон эл калат.

Фото: Кадр кызматынын мурдагы төрагасы, юрист Чолпонкул Арабае

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg