Акыркы макалалар

Президенттин аппарат башчысы эмне иш аткарат?

Президенттин аппарат башчысы эмне иш аткарат?

Өлкөдөгү негизги кызмат орундардын бири деп саналган аппарат башына азыркыга чейин жетекчи дайындалбай жатышы ар кандай жоромолдорду жаратты.

Президенттин буга чейинки аппарат башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 20-апрелде премьер-министр болуп дайындалган. Андан бери 10 күндөн ашык убакыт өтсө дагы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппараттына жетекчи коё элек. Ушундан улам аталган кызмат орундун айланасында талкуу күч алды. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өлкө башчынын иши аппарат жетекчинин ишинен көз каранды экенин айтат.

— Президенттик аппараттын жетекчиси биринчи кезекте ошол аппаратты жетектейт. Ал президенттин ишин камсыз кылыш керек жана өлкө башчынын ички, сырткы саясатта жасап жаткан иштеринин баары аппаратына байланыштуу болот. Алар канчалык так иштесе президенттин иши ошончолук натыйжалуу болот. Ушундан улам аппарат башчысынын орду маанилүү. Ал орунга элди тааныган, эл дагы аны тааныган уюштуруу иштерин жакшы билген адам болушу керек.

Сооронбай Жээнбеков 20-апрелде Досалы Эсеналиевди президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындаган. Ал эми Алмамбет Салиев менен Мира Карыбаева аппарат жетекчинин орун басарлары болуп турат. Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов президенттин аппаратынын башчысы өлкөдөгү негизги кызмат орундарынын бири деп сыпаттады.

— Президенттин аппарат жетекчиси — бул мамлекеттик саясий кызмат орун. Демек ал өлкөдөгү эӊ бир чечүүчү кызматтардын бири. Бул орунга негизгиси билимдүү, мамлекеттик башкарууда, ички-тышкы саясатты жүргүзүүдө дасыккан, тажрыйбалуу адам келиш керек. Ошол эле учурда турмуштук дагы акыл көрөӊгүсү жогору адам керек.

Президенттин аппаратын ичтен билгендер аппарат жетекчи өлкө башчыга кирип-чыккан адамдарды тескей турганын, президентке жолугууну каалагандар эӊ биринчи аппарат башчы менен сүйлөшөөрүн айтышат. Ушундан улам Сооронбай Жээнбеков бул кызматка өзү бөркүндөй ишенген кишини дайындайт деп божомолдошууда. Саясат талдоочу Марат Казакбаев бул кызматты ээлеген адам президент менен парламенттин жана өкмөттүн ортосуна көпүрө болушу керек деген пикирде.

— Президенттин аппаратындагы команданы түзүүгө президент багыт берет. Ал эми иштин баарын аппарат жетекчи алып барат. Бул ички механизм. Ал эми саясий жагын алсак аппарат башчы авторитеттүү болуп, парламенттеги ар бир фракция менен иштей билиш керек. Бул президенттин таасирин күчөтүү аракети. Укук коргоо органдары болсо бул эми президенттин колунда. Аппарат болсо парламент менен башка саясий күчтөр менен компромисске барып, байланыш түзүш керек.

Адатта Кыргызстанда президенттик аппараттын жетекчилери президенттин алдында түзүлгөн сот бийлигин, шайлоо тутумун реформа кылуу боюнча жумушчу топторду жетектейт. Президенттин атынан ар кандай иш-чараларда сөз сүйлөйт. Жогорку Кеӊештин мурдагы спикери Абдыганы Эркебаев бирок 2016-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда аппарат башчынын ыйгарым укуктары чектелгенин айтып жатат.

— Азыркы Конституция боюнча президенттин аппарат башчысынын ыйгарым укуктары чектелүү. Бирок эски, көндүм адат менен эле бул орунга ашыкча маани берип жүрүшөт. Бул туура эмес. Конституция бир топ эле өзгөргөн. Тилекке каршы аппарат жетекчилер мурдагы «салт» боюнча эле ар кайсы ишке кийлигишип, президенттин атынан чыгып сүйлөп, ар кандай жыйындарга барып катышканы жөндүү эмес. Чет өлкөлөрдө мындай болбойт. Ал көлөкөдө туруп президенттин ишин камсыз кылыш керек. Бизде болсо түздөн-түз саясатка, аткаруучулук, башкаруучулук ишке өтүп кетип жатат. Андай болбош керек. Аппарат башчы аналитикалык, талдоо иштери менен жана президенттин иши менен гана алек болуш керек.

Аппарат башчыларга кызмат абалынан пайдаланып президент, парламент жана өкмөттүн ортосунда саясий оюн уюштурат деген дооматтар дагы айтылып келет. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев «көз боёмочулук кылган» деген кине менен сот жообуна дагы тартылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg