Акыркы макалалар

Бүтүрүү кечесине акча жыйналса директорлор иштен алынат

Бүтүрүү кечесине акча жыйналса директорлор иштен алынат

Окуучулардын бүтүрүү кечесине акча чогултулса мектептердин директорлору жана мугалимдери иштен айрылышат. Бул тууралуу Билим берүү жана билим минстирлиги кабарлады.

Белгилей кетсек, 9-класстын окуучуларына аттестатты 20-июнда, ал эми 11-класстарга аттестат тапшыруу аземи 23-июнда өтөт.

Министрлик белгилегендей иш-чаралар мектептин гана аймагында өтүлүүсү кажет. Жаратылышка чыгуу же көңүл ачуучу жайларга барууга тыюу салынат.

Учурда мектепттердин директорлоруна, ата-энелерге шаан-шөкөт менен коштолгон иш-чараларга каражат жумшоону чектөө боюнча жыйындарды өткөрүү тапшырылды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg