Акыркы макалалар

Кыргызстан Кытайга тооктордун баш-шыйрагын экспорттойт

Кыргызстан Кытайга тооктордун баш-шыйрагын экспорттойт

Кыргызстан Кытайга союлган тооктун баш-шыйрагын жана башка пайдаланылбаган бөлүктөрүн экспорттой баштайт. Бул боюнча протоколго эки тараптуу кол коюлду.

26-апрелден баштап Кыргызстандын тоок фермалары Кытайга тооктордун баш-шыйрак жана ичеги карындарын экспорттой алат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов журналисттерге кабарлады. Эки тараптуу документке 25-апрелде кол коюлду.

«Тоок союлгандан кийин анын башы жана башка колдонулбаган бөлүктөрүн биз буга чейин ыргытып салчубуз. Эми аны Кытай тарап ала баштайт. Бул боюнча кечээ атайын делегация келип, экспорттоо боюнча кагазга кол койдук. Эми Кыргызстандын бардык аймактарында тоок баккандар буга чейин ыргытып салчу бөлүктөрүн өткөрө алышат. Ал кымбат баада алынары божомолдонууда.

Бирок Кытай талап кылган көлөмдү Кыргызстан чыгарып бере албаарын атамекендик канаттуулар чарбасы ассоциациясы айтууда. Себеби учурда Кыргызстан боюнча ири төрт гана тоок фермасы иштеп жатат.Чыккан продукция экспортко эмес, ички керектөөнүн 5 гана пайызына жетүүдө. Калган 95 пайызы сырттан ташылып келет. Дээрлик баардыгы биримдикке кирген жана коңшу Өзбекстандан аткезчилик жол менен кирип, атамекендик тоок фермалардын ишин токтотуп жатканын ассоциациянын президенти Рустам Осмоналиев «Марал» радиосуна билдирди. Ошондуктан Кытайга ачылган мүмкүнчүлүк ишкерлерге көп деле пайдалуу болбойт.

—КМШнын дээрлик баардык мамлекеттеринде өкмөт тараптан тоок фермаларына жеңилдиктер берилген. А бизге эч кандай жарам жок. Натыйжада бүгүн биз мышык ыйлай турган абалга келдик. Керек десе Тажикстанда дагы үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап тоок фермалары салыктардан толук бошотулду. Биз канча өкмөткө кайрылдык… Дагы деле жооп жок. Азыркы тапта тоок фермалар тоокторго жемди Казакстан жана Орусиядан ташып келебиз. Жем алып келгенибиз үчүн кошумча нарк салыгын төлөйбүз, жабдууларды иштеткенибиз үчүн, жерди пайдаланганыбыз үчүн өзүнчө төлөйбүз. Ушундай иш мындан ары уланса Кыргызстандын тоок фермасы толук жок болот.

Сырттан кирген жумурка жана тоок эттери арзан сатылат. Бирок аны мамлекеттик органдар көзөмөлдөбөй жатканын айтып, аталган ассоциация президент Сооронбай Жээнбековго жана Коопсуздук кеңешке кат жөнөттү.

Эми бул маселелер аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында чечилиши керектигин экономист Айылчы Сарыбаев айтат. Бир гана тоок эмес башка продукцияны сатууга болот. Ошондуктан алыскы өлкөлөрдү карабай кошуна мамлекттер менен тыгыз иш алып баруу эки жакка тең ыңгайлуу деди, ал.

—Кытай тараптан бизге абдан чоң шарт түзүлүп жатат. Биз азыр тооктун баш-шыйрагы менен Кытайдын бир айылын дагы тойгуза албайбыз. Ошондуктан бул тоок фермасын өнүктүрүүгө абдан чоң шык болуп берет. Анткени буга чейин тооктун бул бөлүктөрүн жөн гана ыртыгып келгенбиз. Эми аймактарды өнүктүрүү жылында бул тармакты өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Андыктан алыскы өлкөлөрдү карабай кошуна мамлекеттер менен тыгыз иш алып барганыбыз пайдалуу. Бир гана тоок эмес, Кытай башка продукциябызды алууга даяр.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын аймагында болжолдуу ондун тегерегинде чакан жана орто көлөмдөгү тоок фабрикалар бар. Алар чыгарган продукция ички керектөөнүн 5 пайызын гана жабат. Мындай көрсөткүч менен КМШ мамлекеттер арасындагы рейтингде артынан санаганда Тажикстандан кийинки орунга жазылган. Эгер иш ушундай тартип менен уланса, жакынкы аралыкта тоок чарбасы жок болуп кетүү коркунучу күтүлүп жатканын ишкерлер коңгуроо кагууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg