Акыркы макалалар

Элина Абай кызы, Instagram жана көл... Эрнест Абдыжапаров менен маек

Элина Абай кызы, Instagram жана көл... Эрнест Абдыжапаров менен маек

Эрнест Абдыжапаровду бир сөз менен "жөнөкөйлүктүн символу" деп сыпаттаар элем. Анткени кайсы убакта кандай маселе менен кайрылсаң дагы кыжалат кылбай, ар бир сурооңо ойдогудай жооп берет. Эринбейт.

Баса, ал бир нече жыл мурда Ысык-Көлгө көчүп кеткен. Бирок Бишкекке иштери менен бат-баттан каттап турат. Бул жолкусунда Sputnik агенттигинен редакциясына баш бага кетти.

— Элдин баары шаарга агылып жатса, айылга эмнеге көчүп кеттиңиз? Анүстүнө ишиңиз шаар менен тыгыз байланышта го…

— Үй-бүлөм менен ойлонуп жүргөнбүз, бирок убакыт-сааты 2014-жылы чыгып, бир нече күндө эле кетебиз деп чечим кабыл алдык дагы көлдөгү туугандарга, досторго кабарладык. Алар тез арада батир таап берип, биз жууркан-төшөгүбүздү жүктөп алып кетип калдык. Негизи кетишибиздин 7-8 себеби бар, анын ар бирине токтолбой эле коеюн.

— Эмнеге көлгө? Адатта адам туулган жерине тартылат эмеспи. Жаңылбасам сиздин кичи мекениңиз Нарын, ээ?

— Ысык-Көлдү улуу мазар катары көрөм. Анткени илгери ал жерди жалпы Кытайдын жүрөк үшүн алган сак эли байырлаган экен. Революцияга чейин анда жашагандар көлдү ыйык деп ага түшпөй, балык жебей күн өткөрүшкөн. Негизи эле мен көл өрөөнүн кыргызды кыргыз кылып турган Манастын илеби бар куттуу жер деп эсептейм. Келечекте бизди Батыш маданиятынан айырмалап турган кыргыздын руханий борбору ошол жерде болуп, заңгыраган театрлар, маданият үйлөрү курулат деп ишенем.

— Кинодон тышкары ырга дагы жакынсыз. Жашооңузда экөөнүн кайсынысы биринчи пайда болду эле?

— Ата-энемдин кызматына байланыштуу мектеп босогосун Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында аттагам. 1-класска кирген кезде балдар музыкалык мектеп ачылды деп калышты. Мен ата-энеме айтпай туруп, ошол мектептин фортепиано классына жазылып алдым. Кийин Миң-Кушка барып, таякелеримдин колунда жүрдүм. Ал жактан фортепианону чанып, аккордеон үйрөндүм. Бирок ал кезде балдар арасында гитара популярдуу болчу. Бир күнү кошунанын баласы экөөбүз жер төлөдөн сынган гитара таап алдык. Өзүбүз чарасын жасап, кылдарын тагып, черткенди үйрөнгөнбүз. Чоң сахнага болсо 1970-жылы "Наристе" тобунда урма асапаптарда ойноп чыккам. Ал эми өзүмдүн жеке концертимди 45 жашымда 2006-жылы бердим.

— Түшүнүктүү. Эми кино тууралуу сүйлөшсөк. Көпчүлүк режиссерлордой эле сиздин дагы актерлор арасында Элина Абай кызы сыяктуу сүймөнчүктөрүңүз бар. Алардан башка актерлор менен иштешүүдө кайсы сапаттарга өзгөчө көңүл бурасыз?

— Өнөрдөн тышкары адамдардын ортосундагы мамиленин мааниси өтө зор. Эгер актер менен режиссердун мүнөзү келишпей турса, экөө канчалык кесипкөй болсо дагы ортодогу эмгек көркүнө чыкпай калат. Бирок бул нерсенин экинчи дагы тарабы бар. Эгер режиссер каалап турган образды бир гана актер ийине жеткирерин түшүнсө, эч нерсеге карабашы керек. Анткени туура тандалган актер эптеп-септеп тартылган тасманын деңгээлин көтөрүп коюушу мүмкүн. Элина тууралуу айтсам, ал менин эле эмес, жалпы элдин сүймөнчүгү. Аны кыргызга берилген өзгөчө белек деп койсом болот.

— Экөөңөр кандайча табышып калдыңыз эле?

— "Боз салкынды" тартаар алдында кайсы бир концертте залдагылардын арасында сынак жарыялагам. Жеңүүчүсүнө эпизоддук роль бермекмин. Сахнага чыккандар бийлеп берип, финалда эки кыз калды. Бири 20дан жаңы өтүп, көркүнө чыгып калган Айнура деген бийкеч экен. Келбети дагы, баскан-турганы дагы мага жаккан. Экинчиси — Элина. 14-15 жаштагы кадимки шаардык өспүрүм. Чачы сапсары, бетинде сепкили бар, узун, арык, орус мүнөз кызды тандагым келген жок. Жеңүүчү деп Айнураны тапканымды айтсам, залдан бир киши тура калып Элинага болушуп мени сөгүп кирсе болобу… Бир маалда көрүүчүлөрдүн жарымы аны колдон ызы-чуу болуп жатып калышты. Эки жаат болуп урушуп кетпесе экен деп экөөнө тең роль береримди айтып залды тынчыттым.

Тасманы тартканы барганда Элинаны жакындан көрө баштадык. Кыргызча таза сүйлөгөнү, адамгерчилиги, элпектиги жүрөк жылытты. Бирок актерлук таланты ушунчалык деп ойлобоптурмун да, текстти алып биринчи эле эпизодго чыкканда мени багындырып алган. Жан дүйнөсү менен берилип ойногон, сүйлөп жатканда адамды илеби менен өзүнө тартып алган тырмактай кыз экен. Ошондо 3-4 жылдан кийин Элина кыргыздын эң сулуу кыздарынын бири болот деп айтсам, эч ким деле ишенген эмес.

— Жакынкы келечектеги тасмаларыңыздан Элина сыяктуу жарк эткен актерлорду көрө алабызбы?

— Досберген Козугулов деген жигит бар. Азыр Канада, Америкада жашап, АКШнын белгилүү цирктеринин биринде ат оюндарын көрсөтүп келет. "Шабдан баатырды" тартаарда аны башкы каарманга пландадым эле. Анда чыныгы кыргыз жигитинин сүйкүмү, баатырдын сүрү бар. Өзү дагы баралына келип турган чагы. Ал жоокер кийимин кийип, сакалды чаптап алып сүйлөгөндө, ичимен "мына, экинчи Чокморов" деп ойлонуп, аны таап алганыма аябай кубанган. Тилекке каршы, тасма тартылбай, ал кайра АКШга кетип калды. Бирок "Саякбайда" эпизодго түштү. 16-жылы орустун үйүн өрттөп жаткан атчан жигиттин образын жаратты. Азыр тасма тартып жаткан башка режиссерлорго дагы аны чакыргыла деп үгүттөп жатам. Хан, баатырлардын образын укмуш аччудай.

— Досберген мырза тууралуу АКШда жашаган мекендештер дагы абдан жакшы пикирде экенин билем. Бир жолу Калифорния штатында иштеп жүргөн байке "капысынан эле циркке барып калып, ал жактагы аттарды бир жигит кыргызча кыйкырып башкарып жатканын угуп, оозум ачылган. Ошондогу толкунданганып, сыймыктанганымды айтпагыла" дегени эсимде.

— Ооба, Досберген чыныгы патриот.

— Жаңы чыккан тасмаларды күтүп көрөсүзбү?

— Ишенесиңерби, азыркы кинолорго караманча алымсынбайм. Атышып, чабышкан экшн-сценаларды талып карап калышым мүмкүн. Же "Оскар" алды деген тасмаларга кызыгып коем. Анткен менен "Дарак ыры" мага чоң таасир калтырды. Бет ачарында актерлордун ойногонун, музыкасын, кийим-кечесин көрүп отуруп, эстетикалык рахаттан көзүмөн жаш акты. Кыргыз киносуна кайрадан жан кирип, жаштар ушинтип катарыбызга кошулуп келе жатканына сүйүмдүм.

— Тасманы жөн гана көрүүчү катары көрө аласызбы? Муну сураганымдын себеби, жолдошум анимация жаатында эмгектенет. Экөөбүз мультфильм көрсөк да, кино көрсөк дагы жөн отурмай жок. Ал артыкчылык, кемчилигин айта берип, менде дагы тасма тууралуу түшүнүк пайда боло баштады окшойт…

— Ооба, өзүң киного тиешең болгондон кийин кайра көрүүчүлөр тарапка "өтүү" оңой эмес. "Ушул жерин мен кандай кылат элем" деп ойлоно бересиң. Ушул убакка чейин мен бир гана даректүү тасманы берилип көрдүм. Эки жыл мурун Моксвадагы кинофестивалда калыстар тобуна кирип, ирандык режиссер аялдын эмгегине көзүм түштү. Ал жерде бойго жетип калган афганистандык кыз рэп айтам деп ата-энесине, коомго каршы чыгып, көрбөгөн кордугу калбайт. Бирок аягында АКШга качып барып, ал жакта максатына жетет.

— Социалдык тармактарда активдүүсүз. Күнүнө ага канча убакыт коротосуз?

— Башында аябай көз каранды болдум. Жөн эле барактап коем деп киресиң да бир убакта баш көтөрсөң, 3-4 саат өтүп кеткен болот. Жасайын деген жумушуң талаада калып, күчүң, эргүүң кетип, башың даңгырап чыгат. Азыр бул адатты таштайын деп аракет кылып жатам. Мисалы, ушул тапта Facebook баракчама кирбей койгонго алым жетип калды. Бирок кылып жаткан иштерди, жаңы тасмаларды элге жеткирүү үчүн Instagram керек экен. Азыр Бишкек менен Ысык-Көлдүн ортосунда көп жүргөндүктөн, кооз жерлерди сүрөткө тартып, жүктөп жатып популярдуу болдум. Баракчама эки жылда 15 миң адам жазылды.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg