Акыркы макалалар

Өмүркулов: Түштөн кийин премьерликке талапкер сунушталат

Өмүркулов: Түштөн кийин премьерликке талапкер сунушталат

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, бүгүн түштөн кийин премьер-минстрликке талапкер сунушталарын парламентте өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө сунушу колдоо тапкандан кийин билдирди.

Анын айтуусунда, көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкердин атын жарыялайт. Ошол эле учурда ал өзүнүн талапкерлиги көрсөтүлөрү тууралуу ачыктаган жок.

Ошондой эле, Президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги жөнүндө да сөз болуп жатат. Өмүркуловдун айтымында премьерликке экономиканы түшүнгөн адамдын талапкерлиги сунушталат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg