Акыркы макалалар

Балдарды 1-класска кабыл алуу июнь айында башталат

Балдарды 1-класска кабыл алуу июнь айында башталат

Мектеп жайгашкан аймактагы балдарды 1-класска кабыл алуу 1-июндан тарта 15-августка чейин уланат. Ал эми мектеп жайгашкан райондон тышкары жашаган окуучуларды кабыл алуу 15-августтан 5-сентябрга чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, баланы мектепке киргизүү үчүн ата-эненин арызы, паспортунун көчүрмөсү, окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүмедициналык маалым каттар (Ф-26, Ф-63), жери тууралуу жана баланын мектепке алынып жаткан учурдагы ден соолугунун абалы тууралуу маалым кат керектелет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg