Акыркы макалалар

Исаков: Ош базарындагы өрттү атайын жасашкан

Исаков: Ош базарындагы өрттү атайын жасашкан

“Кемероводогу өрт кырсыгынан кийин Ош базарында да өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча текшерүүлөр жүргөн. Ушундан кийин өрт чыгып жатат. Бул атайын кылынган”. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков бүгүн 13-апрелде Ош базарындагы кырсыкка карата билдирүүсүндө айтып өттү.

Анын айтымында, өкмөт башчы эртең менен Ички иштер министринен толук маалымат алган. Өрт үч жерден бир убакта чыккан. Учурда аталган окуяны мыкты кызматкерлер иликтеп жатат.

Эске салсак, бүгүн 13 апрелде Ош базары менен Жалал-Абаддын борбордук базарында өрт чыккан. Ош базарындагы өрт кырсыгынан 2, 5 миң чарчы метр, Жалал-Абад шаарындагы өрт кырсыгынан 1 миң 344 чарчы метр күйүп кеткен.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg