Акыркы макалалар

Жалал-Абадка инвесторлор көп кабаттуу үйлөрдү курашат

Жалал-Абадка инвесторлор көп кабаттуу үйлөрдү курашат

Жалал-Абад шаарына тогуз кабаттуу үйлөр курулуусу ыктымал. Бул тууралуу шаардык кеңештин кезектеги сессиясында жер тилкелеринин укуктук зоналарын өзгөртүү маселесин кароодо айтылды.

Депутаттар жеке ишкер Б.Мамановдун шаардагы Курманбек жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы Мадан кафесинин 10 сотых аймагын, Б.Осмонов көчөсүндөгү «Мариям» ун заводунун 44 сотых жана «Дан-юг» мекемесинин 88 сотых аймагын укуктук зоналары өзгөртүүгө (өндүрүштүк жана коммерциялык багыттагы жер тилкесин курулуш объектилерине) бир добуштан колдоо көрсөтүштү. Эми аталган аймактарга көп кабаттуу үйлөр жана соода борбору курулат.

Депутат Майрамбек Адылбековдун маалыматына ылайык «Мариям» ун заводунун аймагына соода борбору курулса, «Дан-юг» мекемесинин аймагына көп кабаттуу үйлөр салынат. «Мариям заводунун аймагы 5 гектар, тилекке каршы акыркы жылдары жергиликтүү унга талап төмөндөгөндүктөн ун завод толук кубатта иштебей жатат. Андыктан заводдун 44 сотых аймагына соода борбор, ал эми Дан-юг жагынан 88 сотых жерине көп кабаттуу үй куруу пландалууда», -дейт М.Адылбеков.

Ал эми инвестор Бектурсун Маманов автовозгал кичирайонундагы №47 түрмөгө чектешкен жер тилкесине тогуз кабатуу үй курууну максат кылууда. «Азыр алгач жерге геологиялык изилдөө болот. Анда канча кабат курууга сейсмологиялык кубаттуулук бар экендиги билинет. Ага карата балким тогуз, балким беш кабаттуу курабыз. Шаардык архитектура кызматынан, экотехсинпекция сыяктуу бардык коммисиядан уруксат алганбыз. Ал эми биз үй куралы деп жаткан жер түрмөгө жакын болгондуктан ЖАМКтын жетекчилиги менен макулдаштык. Алар бизге канча метр бийиктикте тосушубуз керектигин Бишкектеги жетекчилик менен бир чечимге келип айтмак болушту. Алар кандай талап койсо бир аны аткарууга макулбуз,» — дейт ал.

Андан сырткары инвестор ошол тегеректеги башка көп кабаттуу үйлөрдүн да балдар үчүн аянтчасын оңдоп, жаңылап берүүгө, өздөрү курган үйдүн аймагына да талапка ылайыктуу балдар аянтчасын курууга убада берди.

Б.Мамановдун айтымында бул үй кадимки совет мезгилинде курулган типтүү үйлөрдөй болот жана банктар менен макулдашып ипотекалык тартирте берүүсү да ыктымал.

«Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg