Акыркы макалалар

Эмиратка Ош менен Бишкектен учкан аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Эмиратка Ош менен Бишкектен учкан аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Учурда Бирикен Араб Эмирлигине (Бишкек— Дубай) учкан бир гана аба каттамы бар

Кыргызстан Air Arabia авикомпаниясы менен "Шарджа — Бишкек" жана "Шарджа— Ош" аба каттамдарын бул жайда ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ Шаржада Дубайдагы КРдин башкы консулу Айбек Маматбеков аталган шаардын Соода-өндүрүш палатасынын төрагасы Абдалла Султан Аль-Увейс менен кызматташуу тармактарын талкуулаган.

"Абдалла Султан Аль-Увейске Air Arabia авикомпаниясы менен кыргыз тараптын сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берилди. Кеп жай айында "Шарджа — Бишкек" жана "Шарджа— Ош" аба каттамдарын ачуу туурасында болду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Бирикен Араб Эмирлигине (Бишкек— Дубай) учкан бир гана аба каттамы бар.

Мындан бир нече ай мурда премьер-министр Сапар Исаков жетектеген делегация Дубайдагы коопсуздук боюнча "Көз" долбоору менен таанышкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg