Акыркы макалалар

Өкмөт башчы суу каптаган үйлөрдү сактап калууну тапшырды

Өкмөт башчы суу каптаган үйлөрдү сактап калууну тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков Өзгөн районундагы турак-жайлардын жана айдоо аянттарынын суу астында калышы боюнча чара көрүүнү тапшырды.

Исаков Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тыкыр талдоолорду үзгүлтүксүз жүргүзүп турууга милдеттендирди.

Кубатбек Бороновдун айтымында, Өзгөн районунда Кара-Дарыя дайрасынын ташкындоосунан улам 200 гектарга жакын айдоо аянты суу астында калып, ал эми 50дөн ашуун турак-жай чөгүп кетүү коркунучунда турат.

Өкмөт башчы турак-жайларды сактап калуу иштерин жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg