Акыркы макалалар

Журналисттер өзүн-өзү чектей баштады

Журналисттер өзүн-өзү чектей баштады

Бүгүнкү күндө коомчулукта чоң бир талкууну жаратып жаткан маселе, 16-апрелде парламенттин жалпы жыйыныда “кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу" тууралуу мыйзам колдоо таап, андан соң президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Ал эми 17-майда аталган мыйзам долбоору өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылды. Бирок бул долбоорго айрым журналисттер, эксперттер, бейөкмөт уюмдар каршы пикирин билдирип келишет. "Акыйкат таразасы" программасы ушул маселенин алкагында ЖМК кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Мэри Бекешова жана саясий серепчи Бакыт Бакетаев менен маек курдук.

М.Бекешованын айтымында 20-жылдан ашуун күрөшүп, эми гана калыптанып келе жаткан сөз эркиндигине, журналисттерди иргегенге укук органдарына бул мыйзам кайрадан кысымга алууга шарт түзөт. Маселен, бийликти сындап жазгандарга ушунун негизинде катуу чара көрүлүп, ал эми мактап-жактаган журналисттерге көз жаздым кыла турган жагдай орун алат. Бул долбоорду батыштын стандарттарын эске алуу менен кабыл алдык деп жатышпайбы. Ал жакта укук коргоо органдары, сот тармагы эч кимге көз каранды эмес. Ал жерде чыныгы демократиялуу жарандык коом калыптанып калган. Эми бизде болсо, андай органдар эркин эмес экени белгилүү. Мыйзам күчүнө киргенден кийин, эркин гезит-журнал, теле-радионун баары өзүн-өзү чектегенге алып келет. Анткени журналисттер маалыматтын чын экенин билет, бирок тастыктай албайт. Анткени........................

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg