Акыркы макалалар

Евразия аборигендеринин принциби: бардыгын өзүм менен алып жүрөм! 1-бөлүк

Евразия аборигендеринин принциби: бардыгын өзүм менен алып жүрөм! 1-бөлүк

Сүрөттө: Кыргызстандын алыскы аймактарындагы адам жашаган боз үйлөр так ушундай болот – боз түстө, чакан, ашыкча кооздолуп жасалгаланбаган...

Өлкөбүздүн улуттук бренди тууралуу сөз болгондо көчмөндөрдүн турак жайы – кылымдарды карыткан, бирок азыркы жашоодо да ыңгайлуулугун жогото элек боз үйү дайыма эске түшөт. Байыркы жапайы Евразия чөлкөмүн багындырган элдердин чогултуп-жыйнап, өзү менен алып жүрүүгө ыңгайлуу турак жайлары кайсы бир жакта бүд күндөрү негизинен туристтерди кызыктырыш үчүн колдонулуп келсе, же эчак эле музейлик экспонатка айланса, Кыргызстанда миңдеген адам атадан алган мурасты дагы эле кеңири колдонуп келишет.

БОЗ ТҮСТҮН 50 ТҮРҮ

Быйыл сентябрда салттуу түрдө Ысык-Көл областында өтө турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда фестивалдын коноктору уч-кыйырсыз талааларды жана Ала-Тоону жердеген элдин конструктордук кереметин дагы бир жолу көрө алышат. Ал эмес ыкчам жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын, атайын жана укук коргоо органдарынын штабдары, медпунктар, тамактануу жайлар, ЖМКлар үчүн басма сөз борбору ж.б.д.у.с. бардыгы өз өзүнчө боз үйлөрдө жайгаштырылат.

Баса, бардыгы колдонгон “юрта” деген терминди кыргыздар эч колдонбойт. Көчүрүп алып жүрүүгө ыңгайлуу турак-жайын алар байыркы замандан бери жөн эле “боз үй” деп коюшат, анткени бир жерден бат чечилип, башка жерде бат тигилген бул үйлөр жөнөкөй, боелбогон боз түстөгү кийиз менен жабылчу. Бай-манаптардын жана колунда барлардын боз үйлөрү гана ар-башка түстөгүү ар-түрдүү оймолор түшүрүлгөн кийиздер менен жабылып, кооздолот эле. Калгандарыныкы болсо боз түстөгү эле боз үйлөр болчу. Кээде ышталып караарганы болот, эми бул кедей кембагалдардын, колунда эч нерсеси жоктордуку...

Окумуштуулардын айтымында, “юрта” деген сөз түрктөрдүн “jurt” деген, кеңири маанисинде элди, тууган-туушкандарды, жашаган жерин, ата-мекенди туунткан сөзүнөн келип чыгат. Мисалы, Кыргызстандагы белгилүү партиялардын биринин аталышы “Ата-Журт”.

Тянь-Шандагы калктын жашаган турак жайлары алардын көчмөн маданиятындагы мааниси ушунчалык зор болгондуктан кыргыздар ал эмес гүмбөздөрдү боз үйгө окшоштуруп салып келишкен.

Ал эми боз үйдүн баарын бөлүктөрүн бириктирүүчү, борбордук бөлүгү – түндүк – билбеген адамга жөн гана түтүн чыга турган жер, же күндүн жарыгы жана таза аба кире турган өзүнчө бир “терезе” эле болуп көрүнүшү мүмкүн. Ал эми кыргыздарга ал Ааламдын символу, көчмөн калктын жашоосунун чордону, руханий жашоо менен үй бекемдигинин туюнтмасы, Асман менен Жердин биримдигинин белгиси. Ошондуктан түбөлүктүү күндүн ортосунда жайгашкан түндүктүн элеси Кыргызстандын желегинде тартылганы жөн жерден эмес.

КИРПИЧ ДАГЫ, БЕТОН ДАГЫ КЕРЕГИ ЖОК ҮЙ

Такай көчүп жүрүүгө туура келген кыргыздардын жашоосунда бир карасаң өтө жөнөкөй боз үй кылымдап өзгөрбөй сакталып, алардын дээрлик жападан жалгыз турак жайы болуп келген.

Моюнга алыш керек, бул түзүм өтө чакан (чогултма үйдү башка жакка көчүрүш үчүн 2-3 ат же топоз жетиштүү); боз үйдү каалаган жерде бат эле чогултуп тигип койсо болот (бир жайлоонун чөбү азайып калдыбы – буюмдарыңды чогултуп, эки күндөн кийин эле башка жайлоодо болуп, малды жайып каласың); боз үй сфера формасында болгондуктан жайкы катуу шамалдардан да, кышкы бурганактардан да коркпой отура берсең болот (өзгөчө “аэродинамикасына байланыштуу” шамалдар анын томпок капталдарын жөн гана айланып өтүшөт); боз үй таштан жана кирпичтен салынган үйлөргө караганда кыйла жеңил, жалаң гана жыгач бөлүктөрдөн турган боз үйдүн салмагы болжолдуу 400 кг түзөт.

Кайчылаштыра бекитилген жыгачтардан турган кереге канаты каркасты бекем кармап турат, ал эми жер титирегенде байланып чогултулган жерлери жылма жана ийилчээк болгондуктан ал коркунучтуу чайпалууларды, солкулдоолорду баса алат. Ошондуктан жер титирөөлөр боз үйдө жашагандарга коркунчутуу эмес, анан да эч нерсе адамдын башына кулабайт!

Бир боз үйдүн кийизин даярдаш үчүн орточо алганда 25 койдун жүнү керек, аны бир жайда эле чогултуп койсо болот. Ал эми боз үйдү чейрек кылымга чейин колдоно аласыңар, бул келечектеги айылды коргоп, аны багаар жигиттердин бир муунун өстүрүп чоңойтконго жетиштүү убакыт.

Көчмөндүн үйү негизи универсалдуу модель болгон: шартка жараша ошол эле жыгач бөлүктөрүнөн кадимки эле боз үйдү, же конок тосо турган салтанаттуу боз үйдү, же жүрүштөрдө өзүң менен ала жүргөн чакан боз үйдү жасап алсаң болот.

Боз үйдүн арзандыгы, колдо бар “материалдардан” жасалгандыгы да боз үйдүн чоң артыкчылыктарынан. Курчап турган айлана чөйрөдөн керектүүнүн бардыгын тапса болот: токойго барып, узун чабак жыгачтарды даярдап аласың, кийиз жасап, үйдү тигип кой – мына бүттү! Оор арматуранын, цемент менен морт айнектин, керамикалык плита менен металлопластиктин, черепица менен гипсокартондун кереги жок. Керектүү материалдар – кол жеткен айланаңда. Мындайда кыймылсыз мүлктү мураска калтыруу, батир талашуу деген маселелердин жыты да болбой тургандыгы ачык айкын көрүнүп турат. Өз алдынча турай жай аянтына ээлик кылгың келеби – барып, өзүңө каалаган өлчөмдө боз үй жасап алып, каалаган жериңде көчүп жүрө бер, эч жакка катталуунун кереги жок, эч кимге турак-жай-коммуналдык чарбанын кызматтары үчүн эч нерсе төлөбөйсүң!

ООКАТТЫ ЧОГУЛТУП, БОЗ ҮЙДҮ ЧЕЧЕМ – АНАН КЫЙЫН БОЛСОҢ ТААП АЛ МЕНИ!

Зарыл болгон учурда бир-эки сааттын ичинде боз үйдү чечип, аны артып, башка коопсуз жерге көчүп кетүү мүмкүнчүлүгү улуттун сакталып калышында мааниси чоң болду!

Ар-түрдүү маалымат булактарына ылайык, душман тараптан басып алуу коркунучу жаралганда, эгер күчтөр тең болбой жеңилип калуу мүмкүнчүлүгү чоң болсо, кыргыздар турган жеринен бат чогулуп, тоолорго бийигирээк көчүп кетишчү. Душмандар жете албаган бийик тоолордун капчыгайларында алар душмандын кетишин күтүшөөр эле, мал жетиштүү азык - эт жана сүт - берип турган. Душмандар келип басып, талап ала турган эч нерсе калбаганын көрүп (малчылар жер иштетпейт, ашып-ташкан алтын-күмүштөрү деле жок болчу), таш жалак болуп кайра артка кетишкенде, кыргыздар өз жайыттарына кайрылып келишчү...

Эгер ушинтип баскынчылардан сактанып турушпаса, ким билет, балким элди күчтүү-алдуу коңшулар басып алып, аны өз арасына сиңирип алат беле, анда кыргыздар көп сандагы байыркы элдер сыяктуу, тарыхта мындай окуялар көп кездешет, жок болуп кетет беле. Ошондуктан көчмөн элдин турак жайы болгон боз үй бардык чабуулдарга, кысымдарга карабай элдин сакталып калышынын негизги факторлордун бири катары карасак болот.

Боз үй кышы да, жайы да колдонууга ыңгайлуу жай экенин унутпашыбыз керек. Азиянын белгисиз булуң-бурчтарын изилдеген орустардын атактуу натуралисти жана географы Николай Пржевальский (1839-1888-жж.) XIX кылымда бөз үй тууралуу мындай деп жазган: “Боз үйдү бат чечип башка жерге көчүрсө болот, ошол эле кезде ал кышкы сууктан, жайкы аптаптан, жаан-чачын-шамалдан жакшы сактайт. Чынында эле, от жагылып турса эң ызгаардуу суук күндөрдө да боз үйдүн ичинде жылуу болот... жайында кийиз жабыгы аптаптан жана көнөктөп жааган жамгырдан да сонун сактайт”.

Жалпылаштырып, азыркы тил менен менен айтканда, боз үй – бардык шартка жеңил ыңгайлаштырыла турган, аз каражатты талап кылган, бирок энергоэффективдүү, ресурсту үнөмдөгөн, көп функционалдуу, жеңил ташылуучу жана экологиялуу үй-трансформер.

“БУЛ УКМУШ ЧЕБЕРДИКТИН ҮЛГҮСҮ!” – ДЕЙТ ВЕНЕЦИЯ КӨПӨСҮ

Бирок да боз үй кыргыздарга гана таандык нерсеби? Адамдар байыркы замандан бери эле чогултулуп-жыйналуучу турак-жайларды колдонуп келишчү эле го. Алардын катарында, тээ алыскы түндүктө жашаган бугу багуучулар менен балык уулоочулардын чумдары менен ярангалары, Сибирдин токойлорунда жашаган уруулардын жапайы аңдын терилери менен жабылган алачыктары жана да түндүкамерикалык индеецтердин вигвамдары бар.

Адистердин көбүнүн пикиринде, биринчи боз үйлөрдүн пайда болушу биздин доордогу I миң жылдыктын орто ченине туура келет. Андан бери боз үй көп өзгөрүүлөргө дуушар болуп, Азия чөлкөмүнөн Чыгыш Европага чейинки аймакта жашаган көчмөн калктын арасында кеңири таркады. Бара-бара ал адам өзү менен алып жүргөн турак-жайлардын башка түрлөрүн сүрүп чыгып, тыным билбеген мергенчи, жоокер жана малчы көчмөн элдин материалдык маданиятынын баалуу жетишкендигине айланды.

Боз үйдүн калыптанышына III - VII кылымдарда чогултулуп-жыйылма капталынын – керегенин ойлоп чыгарылышы чоң таасир тийгизди. Бул нерсе, окумуштуулардын айтымында, боз үйдүн азыркы келбетинде болушуна негизги салым жасады, анын ойлоп чыгарылышы боз үйдүн өлчөмүн каалагандай кылып өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берди, ошол эле кезде анын салмагы бир топ азайды, анткени үйдүн капталы эми бир бүтүн материалдан жасалбай, кайчылаштыра бекитилген узун чабак жыгачтардан гана турат эле.

Боз үйдүн ар-түрдүү сүрөттөрү жана сөлөкөттөрү VI кылымга таандык Түндүк Кытайдагы көргө коюлуучу статуэткаларда бар. Жүк көтөрүп бараткан төөлөргө окшоштурулган статуэткалардагы төө көтөргөн жүктөрдүн арасынан чогултулуп байланган ууктарды жана түндүктү көрсө болот.

XIII кылымдан кийинки замандагы боз үйдүн өнүгүүсүнө байланыштуу бай иконографиялык маалыматтарды орто азиялык, ирандык, түркиялык миниатюралардан жана кытайлардын көркөм сүрөттөрүнөн тапса болот.

“Алардын жайлары кийиз менен капталган ууктардан турат, алар тептегерек келип ушунчалык чебердик менен жасалгандыктан, аларды чечип, бир-бири менен байлып, өзүлөрү менен жеңил эле ташып жүрүшөт”, - деп өз байкоолорун жазат XIII кылымдын аягындагы атактуу италия саякатачысы жана венеция көпөсү Марко Поло (1254-1324-жж.).

ЧОҢ ДӨҢГӨЛӨКТӨР КЫЙЧЫЛДАП, КЫЯЛДАР АЛЫСКА АЛЫП УЧАТ

Бирок бул жерде белгилеп кетиш керек, Lego топтомуна окшоп чогултулган боз үйлөрдөн сырткары, орто кылымдардагы борборазиянын талааларынан азыркы автокэмперлерге жана travel trailers ке окшош башка турак жайлардын түрлөрүн да кезиктирсе болот эле. Бул дөңгөлөктүү чоң арабага орнотулган, бөз үйдү чечпестен алыска саякаттоого эсептелген, зор өлчөмдөгү, жакшы корголгон үйлөр эле. Он чакты өгүздөр сүйрөгөн мындай мега-арабалар европа жана азия элдерин катуу таңгалтырчу.

XIII кылымда Людовик IX королунун буйругу менен Бату хандын (Чыңгыз хандын небереси жана Алтын Ордонун ханы) ордосуна саякаттап барган атактуу фламанддык францискан-кечил жана дипломат Гильом де Рубрук мынтип жазат: “Батунун 26 аялы бар, алардын ар-биринин арабада жайгашкан чоң үйү болот, майдараак башка арабалар чоң арабанын артына жакын коюлуп, алар кыздар жашаган өзүнчө бир бөлмө сыяктуу болуп калышат, ар-бир ушундай үйгө 200го жакын майда арабалар катар коюлат”.

Монголдордун Каракорум шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казуулар учурунда араба-үйлөрдүн дөңгөлөктөрүнүн темир втулкалары табылган, алардын өлчөмүнө карап окумуштуулар эки дөңгөлөктүн ортосу 6 метрден ашык болгонун, ал эми ар-бир ушундай арабаны бери дегенде 22 өгүз! сүйрөгөнүн аныкташкан.

Баса, королдун тыңчысы Гильом де Рубрук монгол империясынын чек арасына бара жатып биздин жерлер аркылуу өтүп, ал тууралуу эскерүүлөрүн калтырып кеткен. Мисалы, Сыр-Дарыяга куйган Нарын суусунун чөлкөмү тууралуу, ал эми 1253-жылдын ноябрында ал Талас суусуна жеткен.

Ал эми XVI кылымдын башында өзүнүн “Бухара коногунун жазуулары” деген эмгегинде Абу-аль-Фазлаллах ибн Рузбихан (парс дин аалымы жана тарыхчысы) мындай деп жазат: “... мен абада салынгандай үйлөрүнүн укмуштуу түзүлүшүнө көп таңгалдым. Арабага орнотулган эбегейсиз чоң чатырларды көрдүм! Чоң чебердик менен жасалган кооз кийиздер жаап турган терезеси бар зор үйлөрдү кезиктирдим. Бардык султан менен эмирлердин жайларынын жанында ушуга окшош зор чатырларды жана арабадагы үйлөрдү көрсө болот эле... ордосу ушундай кооз... үйлөргө толтура, ушундай сулуулукту, чебердикти, көркөмдүктү көргөндө жан дүйнөң суктанып, башың айланат”.

P.S. Бир чакан маалада боз үйгө байланыштуу бардык нерселерди камтуу мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Ошондуктан биздин бул кайсы бир деңгээлдеги этнографиялык иликтөөбүздүн уландысын экинчи бөлүктөн окугула. Кезиккенче!

Азиз Карашев

Түп нускага шилтеме : nlkg.kg