Акыркы макалалар

Өлкөдө 169 мектеп авариялык абалда

Кыргызстанда 169 мектеп авариялык абалда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде айтылды.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиев билдиргендей, авариялык абалдагы мектептердин саны 193 болчу. Анын 24ү ремонттолуп бүттү.

Ал эми Финансы министри Адылбек Касымалиев авариялык абалдагы мектептерди оңдоого каражат бөлүү маселеси биринчи кезекте караларын билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg