Акыркы макалалар

Маршрутка айдоочулары: керек болсо бир жумага чейин ишке чыкпайбыз

Маршрутка айдоочулары: керек болсо бир жумага чейин ишке чыкпайбыз

Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын бир дагы талабы аткарылбай турганын буга чейин белгилеген болчу

Бүгүн, 2-апрелде, иш таштап каттамга чыкпаган маршрутка айдоочулары талабы аткарылмайынча ишке чыкпай турганын 12-кичирайондогу чогулуш учурунда билдиришти.

Алар бүгүн кечке чейин турарын, талаптары аткарылмайынча керек болсо бир жумага чейин ишке чыкпай коюуга даяр экенин айтышты.

"Эл да биздин кадырыбызды билсин, 10 сом төлөп коюп эле маршруткага памперсине чейин таштап, анысы аз келгенсип кусуп да кетишет. Бизге да жетип кетти. Талаптарыбыз аткарылмайынча ишке чыкпайбыз, балким ал 3-4 күн, балким бир жума болушу мүмкүн", — деди чогулган айдоочулар.

Алар ошондой эле салыктар, түрдүү текшерүүлөр көп болуп жатканына да нааразы болушту.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын бир дагы талабы аткарылбай турганын белгилеген болчу.

Маршрутка айдоочуларынын акцияна байланыштуу жагдай кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан билип турсаңыз болот.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg