Акыркы макалалар

Этти экспорттоого коюлган бөгөт качан алынат? Ветинспекциянын түшүндүрмөсү

Этти экспорттоого коюлган бөгөт качан алынат? Ветинспекциянын түшүндүрмөсү

2007-жылдын июль айында Чүй жана Баткен облустарында малдан шарп илдети аныкталып, Кыргызстан бир дагы өлкөгө чийки эт чыгара албай калган

Кыргызстандан сыртка эт алып чыгуу үчүн кандай иштер жасалып жатканын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын адистери Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти.

Белкилей кетсек, 2007-жылдын июль айында Чүй жана Баткен облустарында малдан шарп илдети табылып, Казакстан бизден эт киргизүүгө тыюу салып койгон. Ошондон бери Кыргызстан бир дагы өлкөгө чийки эт чыгара албай келет.

Малды көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Чыңгыз Романовдун айтымында, этти экспорттоо үчүн Кыргызстан ЕАЭБдин бир нече пункттан турган шартын аткарышы зарыл. Адис алар кайсы талаптар экенин жана канчалык аткарылып жатканын түшүндүрдү.

— Эпизотикалык абал тынч болушу керек. Кыргызстанда бул жаатта абал төрт жылдан бери туруктуу. Акыркы жолу шарп илдети 2014-жылы Талас облусунда катталган. Этти чыгарууга өзгөчө тоскоол болгон шарп, Сибирь жарасы, кутурма, кара тумоо сыяктуу ылаңдарга каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 2017-жылдын бюджетинен 127 миллион сом бөлүнгөн. Калган дарылар быйылкы жазгы эмдөөгө дагы колдонулуп жатат.

— Малды толугу менен идентификациялоо. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1552,7 миң баш уй идентификациядан өтүп, анын 1406,6 миңи маалымат базасына киргизилди. Бул уйлар толугу менен каттоодон өттү дегенди түшүндүрөт. Эми жылкы менен чочкону каттоо башталат.

— Бүтүмдөрүн чет өлкөлөр тааный турган заманбап лабораториялар. Азыр Кыргызстанда 19 лаборатория иштейт, анын экөө (Бишкек жана Ош шаарларындагы — ред.) эл аралык стандартка жооп берет. Дагы 12 лаборатория жаңылоого муктаж. Ал үчүн Россиядан жардам иретинде суралган 8,5 миллион доллар келип, өкмөттүн колдоосу менен оңдоо иштерин 2018-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалып жатат.

— Эл аралык талаптарга жооп берген мал союучу пунктулар. "Айыл банк" жер-жерлерге мал союучу жайларды куруу үчүн жеке ишкерлерге насыя бере баштады.

— Эл аралык эпизотикалык бюронун эксперттик бүтүмү. Бул мекеме Кыргызстандын малы жугуштуу оорулар жагынан коопсуз деп таанышы керек. Учурда бюрого жиберүү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатат.

Бул чийки эт боюнча жагдай. Ал эми кайра ишетилген эт продукциялары айрым учурларды эске албаганда, чет өлкөлөргө тоскоолдуксуз чыгып жатканын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов айтты.

"Былтыр Иран мамлекетине 200 тонна кайра иштетилген эт чыгардык. Алар менен азыр дагы келишимдер бар", — деди ал.

Жусуповдун айтымында, быйылдан тарта Өзбекстан менен Тажикстанга ири көлөмдө эт, сүт азыктары жана картошка киргизиле баштайт. Бул боюнча келишимдер Өзбекстан менен өткөн жылдын аягында түзүлсө, Тажикстанга ишкерлер жакынкы күндөрү эле барып келгени кошумчаланды.

Маалыматка караганда ушул тапта Бажы биримдигинин реестрине киргизүү үчүн Кыргызстандын 23 ишканасынын тизмеси ЕАЭБ комиссиясына жөнөтүлгөн.

Буга чейин аталган тизмеде 43 ишкана бар болчу. Алардын 15и ушул жылдын башында кирген.

Ал эми сыртка жашылча-жемиш чыгарам деген баба-дыйкандар үчүн эч бир шарттар өзгөрүлгөн жок. Заманбап жабдуулар менен камсыздалган лабораториядан сертификат ала алсаңыз, кайсы гана жемишти болсосун, каалаган жериңизде сата аласыз.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg