Акыркы макалалар

ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши тергелип бүтө элек

ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши тергелип бүтө элек

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев журналисттерге маалымат жыйынында айтты. Анын айтымында, ишти учурда УКМК тергеп жатат. Эгер тергөөдө башка да жагдайлар аныкталса өзүнчө кылмыш иши козголушу мүмкүн.

26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, борбор калаа 5 күн жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура энергетика тармагындагы кызмат адамдарына “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Тергөө иштери качан бүтөрү белгисиз

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org