Акыркы макалалар

ИИМ «фейсбук» тармагынын өкүлдөрү менен жолугат

ИИМ «фейсбук» тармагынын өкүлдөрү менен жолугат

Апрель айында Ички иштер министрлиги менен «фейсбук» тармагындагы активисттер жолугушат. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Ратбек Турусбеков билдирди.

Анын айтымында, сот тарабынан экстремисттик деп табылган материалдарды «фейсбук» тармагында бөлүшкөн баракчаларды компанияга билдире турган мамлекеттик орган түзүү мерчемделип жатат.

Бул мамлекеттик орган мындай баракчаларды жаптыруу үчүн «фейсбук» компаниясы менен түзмө-түз иштешет.

Турусбеков мындай иш-чара учурда «Ютуб» менен да жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg