Акыркы макалалар

Бишкекте университеттердин жармаңкеси өтөт

Бишкекте университеттердин жармаңкеси өтөт

Бишкекте университеттердин IV жармаңкеси 14-апрелде Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинде белгиленген.

Иш-чараны Global Shapers Community уюму Билим берүү жана илим министрлигинин көмөгү менен уюштурууда.

Жармаңкени уюштуруунун максаты 9-11-класстардын окуучуларына кесип тандоого көмөктөшүүнү көздөйт.

Быйыл жармаңкеге 8 миңден ашык окуучу чакырылып, аларга 25 жогорку окуу жайлары жана Бишкектеги он бештен ашык билим борборлору тууралуу маалымат берилет. Иш-чарага кирүү акысыз.

Өткөн жылы университеттердин жармаңкесине 5 миңден ашык окуучу, 25 жогорку окуу жайы катышкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org