Акыркы макалалар

Кыргызстанда биринчи IOSA сертификатын «Эйр Манас» камсыздады

Кыргызстанда биринчи IOSA сертификатын «Эйр Манас» камсыздады

Кыргызстандан эң алгачкы авиакомпания Эл аралык IOSA стандартын алды. Бул авиакомпаниянын учактарынын коопсуздугу эл аралык талаптарга жооп бере турганын билдирет.

IOSA Эл аралык жарандык авиация агенттиги ата мекендик «Эйр Манас» авиакомпаниясына коопсуздук кепилдигин берди. Ушул айда IOSA стандартына туура келет деген сертификат авиакомпанияга тапшырылды. Мындай сертификатты дүйнө жүзүндө каттоодон өткөн 5 миң 500 авиакомпаниянын ичинен 424 ишкана камсыздаган. Анын ичинде беши Борбор Азия мамлекеттерине туура келген. Бул үчүн «Эйр Манас» учактарын бир канча ирээт текшерүүдөн өткөргөн. Бул тууралуу аталган авиакомпаниянын башкы директору Талгат Нурбаев «Марал» радиосуна билдирди.

—Бүгүнкү күндө «Эйр Манас» коопсуздук боюнча эң абройлуу булак тарабынан тастыкталган биринчи жана атамекендик жалгыз авиакомпания болуп белгиленди. IOSA сертификатына ээ болуу кара тизмеден чыгууга жасалган маанилүү кадамыбыз деп айта алам.

Чындыгында Кыргызстан 2006-жылдан бери кара тизмеде турат. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын учактары Европа мамлекеттерине уча албайт. Тагыраагы Европа үстүнөн учуусуна тыюу салган. Бирок Кыргызстандагы авиакомпаниялардын жеке аракети менен стандарттарга шайкеш келиши Эл аралык каттамдардын көбөйүшүнө алып келээрин мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Темирбек Ажыкулов айтып берди.

-Эл аралык стандарт көп тармактарга берилет. Авиация тармагында IOSA. Бул стандарттар компаниянын иши канчалык сапаттуу экенин көрсөтөт. Анын ичинде экипаждардын кесипкөйлүгү, инженерлердинмаал-маалы менен окугандыгы камтылат. Мындай сертификаттын болушу Кыргызстан үчүн эң жакшы. Мамлекет кара тизмеде болсо дагы бул компания уруксат берген өлкөлөргө учуп турушат.

Бул багытта «Эйр Манас» авиакомпаниясы учактардын катарын көбөйткөнү турат. IOSA сертификатын алган компанияларга дүйнөдөгү алдыңкы компаниялар учактарды узак мөөнөттүү лизингге берет. Өз кезегинде учактардын санынын көбөйүшү транзиттер көйгөйлөрүн чечип бере алаарын аталган авиакомпаниянын башкы директору Талгат Нурбаев белгиледи.

—Коопсуздук сертификатын алгандан кийинки кадамыбыз заманбап учактарды алууга жасалат. Анткени учактардын кожоюндары дал ушундай сертификаттары бар компаниялар менен иштшүүгө аракет кылышат. Алардын мамилеси дагы өзгөрөт. Экинчиден башка авиакомпаниянын жүргүнчүлөрүн ташууга дагы жол ачылат. Буюрса алдыда бул мүмкүнчүлүктү дагы колдонобуз.

Бүгүнкү күнү аталган авиакомпаниянын Боинг үлгүсүндөгү 734-400 жана 737-800 учактары бар. Бул учактар ички жана эл аралык каттамдары бар. Учурда Индия, Түркия, Орусия жана Кытай мамлекеттерине учат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg