Акыркы макалалар

Ошто Нооруз майрамында ыкчам боз үй тигүү боюнча сынак өттү

Ошто Нооруз майрамында ыкчам боз үй тигүү боюнча сынак өттү

Майрамдын урматына калаа тургундарына сүмөлөк таратылды

Ош шаарынын борбордук аятында "Нооруз — элдик нарктын, баалуулуктардын кайра жаралуусунун негизи!" аталышындагы театрлаштырылган майрамдык салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Мэр кыргыз жергесинде ар дайым тынчтык, бейпилчилик болушун каалады.

Салтанат учурунда элге сүмөлөк таратылды. Мындан сырткары, улуттук каада-салтты чагылдырган, сахналаштырылган оюн-зоок программасы тартууланды.

Майрамдын урматына "Ыкчам боз үй тигүү" сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Байыркы Ош баалуулуктары" сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргызстандын булуң-бурчунда Нооруз майрамы кандай белгиленип жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg