Акыркы макалалар

Бишкек эми кантип өзгөрөт?

Бишкек эми кантип өзгөрөт?

Бишкек шаарынын деталдык планы 9-апрелде коомдук талкууга коюлат. Иштеп чыккан авторлордун айтымында пландын ишке кириши менен буга чейин болуп келген башаламан курулуштар жоюлуп, борбор калаанын мурдагы имиджин кайтарып алып келет. Анткени планды түзүү учурунда кызыл чектен өтүп кеткен миңдеген объекттер аныкталган. Эми борбор калаа кантип тартипке келтирилиши мүмкүн? Шаардын борбордук аймагынын деталдык планын түзүүдө шаардыктардын пикири эске алындыбы?

9-апрелде Бишкектин деталдык планынын жаңы үлгүсү коомдук талкууга чыгат. Азыркы тапта пландын электрондук варианттары мэриянын сайтына жайгаштырылган. Демилгечилер- шаардык кеңештин депутаттары. Алардан айтымында бул пландын ишке кириши борбор калааны иретке келтирет. Шаардык кеңештин депутаты Эрмек Усубалиев бул план ишке ашпаса Бишкекти планы жок үй курууга окшоштурат.

“Бул долбоор шаарды иретке келтирет. Буга чейин маалым болгондой, мыйзамсыз курулган объекттер боюнча арыздар болуп келген. Эгерде бул план ишке ашырылбаса, бул баш аламандык уланат. Негизи планды кабыл алуу боюнча 2014-жылдан бери аракеттер болгон, бирок 4 жылдан бери кабыл алынып же алгылыктуу кадам ташталган эмес”.

Ал эми адистер бул деталдык планды иштеп жатканда да кызыл, жашыл чектен ашкан объекттерди аныкташкан. Алардын саны миңдеп саналат дейт Бишкек шаарынын башкы планын долборлоо институтунун башкы архитектору Жанузак Кулбатыров.

“Планды иштөө учурунда миңдеген объект кызыл, жашыл чийинден ашканын аныктадык. Албетте муну сүрдүрүүгө биз жооптуу эмеспиз. Бирок биздин сунуштамабыз сүрдүрүш керек деген өңүттө. Мында жаңылыштык ойлор болбош керек. Деталдык план мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырбайт. Бул план ага багытталган эмес”.

Пландын авторлору долбоордун ишке ашышы менен жол тыгындары да азаят дешет. Анткени анда 12 жол чечилиши каралган. Бул боюнча шаарларды долбоорлоо мамлекеттик институтунун бөлүм башчысы Рыспек Кокоев айтып берди.

-Тыгындары азайтыш үчүн 12 чечилиш жол сунуштап жатабыз. Ар бирин деталдаштыруудабыз. Айта кетсек, Медеров көчөсүнүн Гагаринге барып кошулушу, экинчиси Садырбаев көчөсү менен Лев Толстой көчөсүндө 3-баскычтагы чечилиш, үчүнчүсү Фучик-Чүй, төртүнчүсү Жибек-Жолу-Фучик көчөсү.

Бирок “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева сунушталып жаткан деталдык планга түшүнбөй жаткандыгын айтат. Анткени коомчулукка жарыяланган планда материалдар түшүнүксүз.

-Мисалы булар Ботаникалык бакты Этнокомплекс кылабыз деп жатышат. Анын функциясы андай эмес да. Анан калса бизде “Манас айылы” этнокомплекси бар. Ошол жерди иштете берсин. Булар айткан нерселерди мен планда көрбөй жатам. Ошондуктан түшүнгөн жокмун.

Мындан улам биз коомчулуктун бул боюнча пикирин угуп көрдүк. Шаар тургундары борбор калаанын кантип өзгөрүүсүн каалашат?

— Өзгөртсүн, бирок бактарга тийбей эле койсо. Ансыз деле бактар кичирейгенден кичирейип баратат.

-Жолдорду оңдосо жакшы болмок.

-Жолдор, тратуарлар жакшырып, таза болушун каалайт элем. Эс алуу бактарын көбөйтсө жакшы болмок.

Эске салсак, Бишкек шаарын деталдуу пландаштыруу чечими шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралында кабыл алынган. Ага ылайык, 9-апрелде план боюнча коомдук угуу болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg