Акыркы макалалар

Ноорузга арналган көк бөрүнүн жарым финалдык беттешүүлөрү болот

Ноорузга арналган көк бөрүнүн жарым финалдык беттешүүлөрү болот

Бишкек шаарынын «Ак-Кула» ат майданында 17-мартта Нооруз майрамына арналган мелдештин чейрек финалдык оюндары болду.

Анда Талас облусунун «Ынтымак» тобу «Толкун» көк бөрү командасын 8:1 эсебинде утуп чыкты. Эми жарым финалык беттешүүдө «Биримдик Аюу» менен беттешет. «Биримдик Аюу» чейрек финалда «Көк-Жал» тобунун көк бөрүчүлөрүн 7:3 эсебинде утуп алган.

Оштон келген «Достук» көк бөрү командасы «Көк-Жал» тобун 14:2 эсебинде жеңип, «Сары-Өзөн» тобун утуп чыккан «Арашан» командасы менен жарым финалда күч сынашат.

Жарым финалдык оюндар 19-мартта өтөт

Чейрек финалдык беттешүүлөрдүн жыйынтыгы:

«Ынтымак» — «Толкун» — 8:1

«Биримдик Аю» — «Мурас» — 7:3

«Достук» — «Көк-Жал» — 14:2

«Сары-Өзөн» — «Арашан» — 0:1

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg