Акыркы макалалар

Акматов: Фермерлер техника алып келүүдө кыйналууда

Акматов: Фермерлер техника алып келүүдө кыйналууда

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген айыл-чарба техникаларына 12 пайыздык кошумча нарк салыгы алынышы мүмкүн. Бул фермерлерге кошумча чыгым алып келет. Бирок жазгы талаа иштери башталып калган учурда кошумча нарк салыгын алуу же албоо боюнча маселе дагы деле бир жаңсыл болуп чечиле элек.

Биз бул теманын тегерегинде ЖИА Бизнес ассоциациясынын Айыл чарба комитетинин төрагасы Урмат Акматов менен маектештик.

Марал: Жазгы талаа иштери бүгүн-эртең башталат деп турган учурда ЕАЭБге мүчө эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн келчү техникалардан 12 пайыз кошумча нарк салыгын алуу көйгөйү көтөрүлдү. Бул фермерлердин ишине канчалык кедергисин тийгизип жатат?

Урмат Акматов: Сырттан техника алып келген фермерлердин «бул маселени көтөрүп чыгалычы» деген демилгеси менен көйгөй козголуп отурат. Эгер буга кыска убакытта тактоо кирбесе ферлерге чоң маселе жаралат. Бажы кызматы ферлерге «12 пайыз кошумча нарк салыгын төлөйсүңөр» деп, техникалар бажыда туруп калды. Бирок алар НДСтен бошотулган (кошумча нарк салыгы) төлөбөшү керек. Бул дыйкандарга болгон мамлекеттин эң чоң салымы, колдоосу болчу.

Азыр болсо Бажы кодекси менен Кыргызстандын Салык кодексинин шайкеш келбегендигине байланыштуу бул көйгөй жаралып жатат. Фермелерге ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары Европадан, Америкадан, Кытайдын, Турциядан жаңы техникаларды алса 12 пайыз КНСгын төлөйсүңөр деп жатышат. Буга тез арада тактоо керек.

Болбосо жазгы талаа иштери башталды. Азырынча массалык түрдө маселе көтөрүлө элек. Бирок техника алууну пландап койгон фермерлерге оорчулук жаралды. Ошол эле учурда массалык түрдө нааразычылык убакыт өткөн сайын күчөйт. Анткени биздин дыйкандар эми техника алганы келет дагы 12 пайыз кошумча нарк салыкты укканда маселе жаралат.

Марал: Бирок жазгы талаа иштери башталып калды да. Четтен келчү техникалар бажыда көпкө чейин кармалып кала турган болсо абал кандай болот?

Урмат Акматов: Жазгы айдап себүүлөр түштүк өрөөнүндө башталды. Ал эми Чүйдө дыйкандар акырындап иштеп жатышат. Эми техника жетишпей аны алууга аракет кыла башташканда маселе чыгат. Анткени Бажы кызматы «биз 12 пайыз КНСты төлөмөйүнчө коё бербейбиз» деп жатат. «Болбосо төлөгүлө» дейт. Биз бул боюнча өкмөткө, Экономика министрлигине расмий кайрылдык. Ошондуктан буга тез убакытта тактоо жана ушундай-ушундай маселе бар деген талкуу керек.

Биздин максат буга өкмөттөн тезирээк жооп алып, маселени чечүү болуп жатат. Бул өтө узарып кетпеши керек. Мына март айы ортолоп баратат. Жазгы талаа иштери апрель-май айларында катуу башталат. Ошол убакта ортодо фермерлерди кыйнап койбошубуз керек.

Марал: Кошумча нарк салыгын алуу ЕАЭБден тышкары, үчүнчү өлкөлөрдөн келген техникаларга киргизилип жатат да. А бул маселе ушул эле биримдикке мүчө өлкөлөрдө кандай чечилген?

Урмат Акматов: Ошол эле Орусия, Казакстан мындай техникаларды КНСти төлөбөй эле алышат. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн тышкары мамлекеттерден келген техникаларга кошумча каражат алынбайт. А бул эмне үчүн биздин өлкөдө болбойт. Аталган мамлекеттерде айыл чарбасын кошумча каржылоо программалары көп. А бизде андай нерсе жок. Жалгыз гана жардам болгон кошумча нарк салыгынан бошотууну дагы кайра киргизгени жатканы туура эмес. Бул айыл чарбасына балта чабуу.

Анткени биз ошол эле Орусия менен Казакстан менен атаандашпыз. Алар техниканы КНС жок алышат, кошумча каржылоо долбоорлору дагы көп. Биз болсо НДСти төлөсөк же айыл чарбасын каржылаган программа жок болсо Кыргызстан аларга кантип атаандаш болот? Эгер абал ушундай бойдон улана берсе алар биздин базарды басып алат. Биз алардын «оюнун» ойнобошубуз керек.

Марал: Силер маселени чечүүнүн кандай жолун сунуштадыңар?

Урмат Акматов: Эң биринчи Салык кодексине тактоо керек. Анткени Салык кодекси ар бир өлкөнүн улуттук маселеси. Эгер тактак албасак Бажы кызматы «12 пайыз КНСгын төлөгүлө» деп жатат. Алар «Биз 12 пайызда албай койсок. Эртең бизди текшерет» деп жатышат. Бул жерде маселе бир нерсени өзгөртүүдө эмес, тактоо гана керек. Мисалы 2018-жылдын январь айынан тарта жаңы Бажы кодекси иштеп баштады. Ошол Бажы кодексине биздин улуттук Салык кодекси шайкеш келиши керек. Болбосо Бажы кодекси менен Салык кодексинин ортосунда боштук болуп жатат. Муну Орусия менен Казакстан оңдоп, тактап алган. Аларда «четтен келген техникаларга кошум акча алынбайт» деп так жазылган.

Марал: Фермер үчүнчү өлкөлөрдөн айыл чарба техникасын алып келе турган болсо анын өзүнүн баасын жана 12 пайыз кошумча нарк салыгын төлөй турган болсо канча каражат сарпталат экен, эсептеп көрдүңүздөрбү?

Урмат Акматов: 12 пайыз деген оңой акча эмес. Мисалы 50 миң долларлык трактор алайын деп жатса ага 6 миң доллар төлөш керек болуп жатпайбы. Бирок фермерлер негизи эле кошумча нарк салыгынан бошотулган. Маселени тактап, чечип албасак эртең дыйкан кайсы техника менен иш кылат? Демек айдап себүү кечигет. Анын айынан түшүм аз болот. Түшүм аз болсо продукцияны кошуна өлкөлөрдөн сатып алууга мажбур болобуз. Анан кайра эле көз каранды болуп калабыз. Ошондуктан бул жааттагы саясатты туура жүргүшүшүбүз керек. Кошуна өлкөлөр болсо аны колго алып койгон. Алар Кыргызстан эмне айдап жатат, эмне өстүрүүдө баарын карап турушат. Кааласа жолду жабышат, текшеришет. Мунун баары өзүлөрү өндүргөн продукцияны сатуу аракети.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg