Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө чоң муштумдар баш бербей калдыбы?

Ысык-Көлдө чоң муштумдар баш бербей калдыбы?

«Ачык саясат» гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова Ысык-Көл районун жергиликтүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү ээлеп алганын айтып чыкты.

Сооронбай Жээнбековдун Жалпыга маалымдоо каражаттары менен болгон жолугушуусунда Назгүл Мамытова Ысык-Көл районунда чоң муштумдар көбөйгөнүн, алар жергиликтүү бийликти дагы көзгө илбей калганын айткан. Мамытованын бизге кабарлашынча бул тууралуу материал «Ачык саясат» гезитине басылып чыккан. Президентке болсо аймактагы элдин кайрылуусу катары алардын арыз-муңун жеткирген. Бирок өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев айтылып жаткан сөздөрдү жокко чыгарууда.

— Абал туруктуу, эч кандай маселе жок. Мен ал айымдын айткандарына такыр кошулбайм. Ал гезиттин жазгандарын карап көрсөңөр, тээ илгертеден бери эле ошентип жазып келишет. Фактылар менен жазса жакшы болмок. Журналисттер дагы кээде кичине оюна келгенди эле сүйлөп жатышпайбы чынын айтканда. Башка облустарга караганда Көлдө кылмыштуулук кескин түрдө өсүп кетти дегенден алыс болушубуз керек. Кайсы жергиликтүү орган кантип «марионетка» болуп жатканын так айтышса болмок.

Өлкө башчы редактордун айткандары боюнча бир аз кабары бар экенин, эми кырдаалды өз көзөмөлүнө алаарын убада кылган экен. Биз Назгүл Мамытова менен байланышып кененирээк маалымат алдык. Ал «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү» делинип жаткан жергиликтүү топтун адамдары облуста буга чейин эле өз бийлигин жүргүзүп келген», — дейт. Мамытова январь айынын башында Ысык-Көл районунда бизнесмендерге салык салгандарга бөгөт коюу боюнча жыйын болгонун, бул маселеден жергиликтүү бийлик деле кабардар экенин айтып жатат.

— Ысык-Көл районунда ишкерлик кылам дегендерге өзүлөрүнүн «ставкасын» коюшуп «ай сайын мынча акча төлөп турасың» деген нерсе бул баарына эле белгилүү. Муну ошол эле Узарбек Жылкыбаев деле билет. Ал Бостеринин кулуну болгондуктан өзүнүн жердештерине каршы чыга албайт. Жергиликтүү балдар салган салыкты бербей койсоң бизнесиң күйүп кетет. Ошон үчүн укук коргоо органдарына кайрылгандан коркушат. Узарбек Жылкыбаев кайдагы бир жомокту айтпай эле койсун.

Эске салсак жыл башында Ысык-Көлдөгү Бостери айылында «Осьминог» рестораны толугу менен күйүп кеткен. Анын ээси Аскат Асанкадыров жергиликтүү кылмыш топтору ага салык салып, бирок ал андан баш тартып милицияга арызданганы үчүн ресторанды өрттөп кетишти деп арызданган. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешов кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө каршы чыккандарды ар дайым ушундай жаза күтөөрүн, милиция жетиштүү иш алып барбай жатканын сындаган. Биз кылмыштуу топтор тууралуу Ысык-Көл облусунун тургундарынын пикирлерин угуп көрдүк:

— Ар кимдин өзүнүн соодасы бар. Эч ким үстөмдүк кылбайт. Мисалы депутаттын өзүнүн пансионаты, «каралардын» өзүнүн пансионаты бар. Бири-бирине тиешеси жок. Ар биринин соодасы жүрүп жатат. (1-тургун)

Андай маалыматты деле уккан эмеспиз. Тааныштарбыз деле эс алуу жайларын иштетишет. Андай сөз деле болгон эмес. (2-тургун)

Үстөмдүк кылгандарды уга элекпиз. Андай деле болушу мүмкүн эмес го. Ары жак, бери жака көп эле чыгып жүрөбүз да. (3-тургун)

«Черный» деген деле жок да. Чолпон-Атада башка, Ысык-Көл районунда абал башкача да. Бирок үстүнөн карагандар деле бар болуш керек. (4-тургун)

Жакында эле Улуттук коопсуздук комитети ишкерди барымтага алып, 100 миң доллар талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган. Президент Сооронбай Жээнбеков ага чейин Коопсуздук Кеңешинин жыйынында «күч органдары кылмыш дүйнөсү менен күрөшпөй эле алар менен кызматташып жатат» деп кескин сындаган. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркингүл Иманкожоева Көлдөгү кырдаал боюнча буларды айтты.

— Ишкердердин көбү салык салгандар боюнча көп нерселерди айтып жатышат. Анын үстүнө Ысык-Көл районунда пансионат дагы көп. Криминалдык топтор аларга салык салып, каалаган убагында акча алып жүргөнү көп эле айтылып жүрбөйбү. Менин оюмча президент Сооронбай Шарипович муну өзү катуу көзөмөлгө алыш керек.

Сооронбай Жээнбеков Массалык маалымат каражаттары менен болгон жолугушууда коррупция менен жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар берилгенин белгиледи. «Тиешелүү күч органдары коюлган тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткара албаса, жетекчилери кызматтан алынат», — дейт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg