Акыркы макалалар

Чоң аракеттер көрүлүүдө

Чоң аракеттер көрүлүүдө

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын Чекенди-Талаа аймагында тайган салуу, бүркүт, куш салуу боюнча оюндар өткөрүлдү. Мелдешти Ак-Моюн айылынын тургундары уюштурушуп, ага Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунан жана Нарын шаарынан куш, тайган таптаганга кызыгып жүргөн адамдар келишип, көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулап беришти.

Оюндар тайгандардын сындуулугун сыноо менен башталды. Көпчүлүк тайгандар башка пародадагы иттер менен аргындашып кеткендиктен 70тен ашык тайгандардын арасынан таза кандуу тайганды таба алышпай, калыстар тобу ошого жакынын гана иргеп алышты. Бул боюнча республикалык «Салбуурун» федерациясынын эксперти Баялиев Таалай: «Таза тайгандын башы ичке, жаактын узундугу 14 смге жетип, мойну, кулагы, боордун жүнү узун, бийиктиги 70, узундүгу 70 см болуш керек. Канчык тайгандар стандартка жатпайт. Кыргыз тайганы бир эле кара же куу түстө болот. Ал эми тайган, куш салуу, жаа атуу бирге өткөрүлгөндө гана салбуурун деп аталат» деген маалыматын берди.

Кийинки кезекте тайгандар чыргага салынып, күлүктүгү сыналды. Топ-топко бөлүп жарышка салышып, финалга чыккандардын ичинен Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну Конокбаев Бакытбектин тайганы марага биринчи келди.

Тайганды карышкырга бирден салууда жаңы кармалган жапайы чоң карышкыр болгондуктан жайнаган топ тайгандан он чактысы гана тиш салганга батынды. Калганы жакындап бара алган дагы жок. Оюндун бул түрүнөн карышкырды баса калып талап жиберген Нарын районунун Жан-Булак айылынан Мусагалиев Улан алып барган «Кайтпас» аттуу тайган жеңүүчү аталды.

Баарынан аба жаарыган көпчүлүктүн канын кызытып, шаң тартуулаган кызыктуу оюн куш салууда катталды. Ак-Талаа районунун Куртка айылынан келген Чукуев Алтынбектин карчыга кушу жапайы коёнду кайра-кайра салса дагы жаземдебей алып, көрүүчүлөрдүн жарпын жазды. Кушчу Чукуев Алтынбек атасынан алган өнөр менен үч жылдан бери алектенип, бүркүт, куш таптап жүргөнүн айтты.

Ошондой эле бүркүттү чыргага, карышкырга салууда Нарын районунун Алыш айылынан барган Исмаилов Амандын бүркүтү үч бүркүттүн ичинен мыктысы болду.

Бир гана оюн талаасында оюн тартиби так иштелип чыга электигинен, көрүүчүлөрдөн жана тайганчылардан калыстардын так чечим чыгарышына жолтоо болгондор көп болуп, айрым учурда талаш туудурган жагдайлар дагы болбой койгон жок. Бул боюнча калыстар тобунун мүчөсү Төрөбек Жунусов: --Ар бир оюн өткөрүлгөн сайын сандык жактан да сапаттык жактан өсүш болуп жатат. Бул жерден орундарды аныктоодо айрым бир маселелер бар. Анткени жалпы салбуурунчулар тарабынан сунушталып кабыл алынган жобо жок. Азыр эрежелери иштелип, жобосун даярдап жатабыз,-деди.

Мына ошентип эртең менен башталган мелдеш кеч курун жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө акчалай байгелер жана Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун дипломдору тапшырылды. Ал эми жалпы командалык эсепте жеңишке жетишкен Ак-Моюн айылынын ышкыбоздору кубок менен сыйланышты.

Бул оюндар эстафета түрүндө өткөрүлүп келгендиктен кезекти Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылы алды. Кийинки оюн 25-мартта өткөрүлмөй болду.