Акыркы макалалар

Эски радиодон заряддагыч жасап…

Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Маратбек уулу Кайып эски радионун тетиктеринен уюлдук телефондун заряддагычын жасап, мектеп мугалимдерин таң калтырды. Ал улуу физик Дүрбөлөң Мамбетовдун урматына арналып 7-8 класстын окуучуларынын арасында жылда өтүүчү «интеллектуал окуучу» (ойлоп табуучу) аттуу кароо-сынакта дал ушул өнөрүн көргөзүп, жеңүүчү болду. Аны менен катар 7-8-класстын окуучуларынын арасында физика предмети боюнча да олимпиада өткөрүлүп, 7-класстын окуучусу Тилекмат кызы Маржан, 8-класстын окуучусу Таалайбек кызы Айдана башкалардан билиминин жогору экенин далилдешти. Олимпиадага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн барган өкүлдөр жана мугалимдер калыстык кылышып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектерди тапшырышты.