Акыркы макалалар

Улуу жаратмандыктын көрөңгөсү, улуу тоо койнунда түптөлгөн

Улуу жаратмандыктын көрөңгөсү, улуу тоо койнунда түптөлгөн

Быйыл Теңир Тоонун тоодой бийик, сыймыктуу уулдарынын бири, илимпоз, ойлоп табуучу, педагог жана энциклопедиячы, академик Үсөн Асанов 80 жашка толду.

Үсөн Асанов химия илиминде буга чейин эч кимдин оюна келбеген жаңы багытты, электр учкундарынын дүйнөгө белгисиз, түзүүчүлүк, жаратмандык жашыруун сырын ачып, кезегинде москвалык эксперттерди «чөгөлөтүп», Советтер Союзунун илимпоздорун уу-дуу кылган улуу ойлоп табуучу. Ал учкун разряддарын пайдаланып, химиялык синтездин (карбиддер, сульфиддер, кычкылтектер) жаңы методдорун негиздеген. Анын ачылышы СССРдин оор өнөр жайларында, бургулоочу техникада, металлдарды жылмалоодо, кесүүчү станоктордо жана башка тармактарда кеңири пайдаланылып, кезегинде СССРдин эл чарбасына миңдеген, миллиондогон кирешелерди алып келген. Бул ачылыштар бүгүн 21-кылымда да дүйнөлүк нанотехнологиялык материалдарды өндүрүүнүн негиздеринин бири болуп калууда.

Үсөн Асанов өзүнүн бүткүл өмүрүн эмгектенүүгө, изденүүгө арнап, табылга артынан табылгаларды жаратып, 350дөн ашык илимий эмгектердин, 12 монографиянын, 14 окуу китебинин автору болгон. Үсөн Асанов илимпоз гана эмес мыкты педагог дагы. Бир катар окуу китептерин кыргызча которуп, кыргыз тилинин улуттук статусту алуусуна нар көтөргүс салымын кошкон инсан. Улуттук университетти жетектеп, Кыргыз Республикасынын илимий даражаларды берүү боюнча Улуттук комиссиясын, Кыргыз Республикасынын Улуттук энциклопедиясын түптөгөн. Ал азыр да Улуттук энциклопедиянын башкы редакторунун кызматын татыктуу аркалап келет.

Үсөн Асанов Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жана башка бир топ Эл аралык академиялардын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, СССРдин ойлоп табуучусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, химия илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз ССРинин Ардак грамотасынын, «Эмгек Кызыл Туу» орденинин жана башка бир катар мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты, «Даңк» медалынын, 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси. Нарын облусунун жана Нарын шаарынын Ардактуу атуулу, Нарын шаарындагы мектеп-лицей-интернатына ысымы ыйгарылган инсан.

«Илим жолун тандоомо атамдын, агайымдын таасири болгон»

- Мен өзүм Теңир-Тоодо өсүп чоңойгон бала элем. Ата-энем «Солтон-Сары жайлоосунда Момокон эне деген чоң таш бар, ошонун үстүндө төрөлгөнсүң» деп айтып калуучу. Үч-Чат деген чакан колхоз уюштурулуп, согуштун убагында менин атам Асан ошол колхоздун башкармасы болуп турган экен. Кийинчерээк, 1947-жылдары Үч-Чатты Эмгекчил колхозуна кошуп, ошол жакка көчүп кеткен экенбиз. Адегенде Үч-Чаттын төрт жылдык мектебин бүттүм. 5-6-классты Эмгекчилге ат менен, кээде жөө барып-келип окудум. Ортосу 10 километр жер болчу. 7-классты Эчки-Башы айылынан окуп экзамен бердик. Андан кийин атам менин мектепте дурус окуганымды байкаган окшойт, «сен сөзсүз окушуң керек, окубасаң болбойт айланайын» деп Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатына жайгаштырып койду. Малчынын балдары үчүн жатаканасы бар интернат экен. (Азыр ал мектепке менин атымды берип коюшту.) Ошентип 8-классты ушул интернатта окуп калдым. Ар бир инсанга ким болбосун, кайда өсүп чоңойбосун сөзсүз бирөөнүн таасири болот экен. Мен үчүн математик Садыков Сеитбек деген мугалим чоң таасир берген. Ошол кишинин таасири менен математикага аябай көңүл бура баштадым.

«ӨксүгӨнүм орус тили болчу»

Ошентип 9-класс окуп калдым. Бирок эң өксүгөнүм орус тили болчу. Атам мага орусча үйрөтөйүн деп ушул шаарда жашап, араба айдап, тери чогултуп, боек саткан Макар Макарович деген (кыргыздар Макер дешчү) оруска сүйлөшүп, «айына бирден кой берип турайын, күнүгө балама түшкү тамагын берип, орус тилин үйрөнүүгө жардам бер» дептир. Бул шарт Макар Макаровичке да, мага да ыңгайлуу эле. Анткени интернаттын тамагы өтө жупуну. Атам ушуну да ойлоптур. Эки айча алардын үйүнө барып, чала-була антип-минтип сүйлөшүп жүрдүм. Үйдүн кожойкеси тетя Матреновна эң даамдуу тамактарды жасап берет.

10-класста Валентина Михайловна Обухова деген орус мугалим келди. Окуу жылынын орто ченинде Садыков агайымдын тапшырмасы менен ал эжей мага өзүнчө сабак өтүп, орус тилин үйрөтө баштады. Себеби мени медалист болот, бирок орус тилинен начар деп сүйлөшүшкөн экен. Валентина Михайловна мага колунан келишинче жардам берди.

Айылдан ааламга кеткен жол

- Аңгыча жаз келип, мамлекеттик экзамендерди тапшырдык. Бир күнү Москвага окууга барчу балдарды Фрунзеден комиссия кабыл алып атыптыр деп уктук. Облоно мени, Ат-Башыдан бир баланы, Кочкордон дагы эки баланы кошуп Фрунзеге автобуска салып жиберди. №5-мектептин жатаканасына келдик. Ошол жерден Кыргызстандан Москвага барчу балдарды топтоп даярдап атыптыр. Тапшыруу экзамендерин бердик. Химиядан бир эле жыл окуганбыз, Менделеевдин таблицасын эле окутчу биздин мугалимдер, билет да ошондон келиптир. Химиядан экзамен берген күнү Турдаков деген агай мага «5» деген баа койду. Сыртка чыгып баратсам ушул экзаменге катышкан сымбаттуу орус киши мени токтотуп: «-Үсөн, таанышып алалы, мен Евгений Сергеевич Быковскиймин, Москвадагы Д. И. Менделеев атындагы химиялык-техникалык институтта иштейм. Мен сени биздин институтка окууга чакыргым келип турат»,-деди. Мен «геолог болом деп арызымды жазып койгом» дедим. Көк-Торпок, Солтон-Сарыда геологдорду көрүп, алардын ишине кызыкчумун. Анан ал: «Кайра жазсаң деле болот, сенден жакшы инженер-химик чыгат»,- деп айтты. Эмне кылаарымды билбей туруп калсам, бизди угуп турган Медеров Октябрь деген медалист бала: «-Москвадан келген профессор өзү чакырып атса макул дебейсиңби макоо»,-деп жиберди. Ушундан соң арызымды кайра жазып, Менделеев атындагы институтка окумай болдум.

Кызыгы, №5-мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы аттестатымды сурады. Аттестат келе элек болчу. Медалист болосуң деп документтерди алышкан. Көрсө Нарындан документтерди жибербей коюптур. «Москвага 60 балага билет алынган, сен аттестаты жок кантип барасың»,-дегенде эмне кылаарымды билбей калдым. Министрликке жиберишти. Ал жакка Нарындан эч бир документ келбептир. Телефон байланышы да жок болчу анда. Министрдин орун басары Таянов деген киши экен, эптеп бир мугалимимди таап келсем аттестат уюштуруп берээрин айтты. Кудайдын буйругу деп коеюнчу, менин жанагы Садыков деген агайым ошол жылы университетке тапшыраарын уккам. Издеп көрөйүн деп университеттин дарегин сурап алып кетип баратсам Ала-Тоо кино театрынын алдында Садыков агай келатат. Көрүп эле кучактап алып «медалдын мага кереги жок, мен Менделеев институтуна өттүм, кетейин десем аттестат жок» деп ыйлап атам. Көрсө биздин мектептин директору да бир жумуштары менен шаарда экен. Ошентип аттестатымды алып, бир күндөн кийин Москвага кетип калдык.

Раззаков менен кездешүү

- Менделеев атындагы инститта окуп жүрөбүз. Экинчи курста тагдыр мени бир чоң окуяга туш кылды. Ал мындайча болду, күндөрдүн биринде биздин деканаттын секретары мени элчиликтен издеп атканын айтты. Элчиликке барсам «Сени эки күндөн бери таппай атабыз. Раззаков издеп атат, түшүнсөң, Раззаков өзү издеп атат»,-деди. Мен «Раззаков деген ким?»-деп сурадым. Мага жооп берип аткан казак киши экен, «Ой чырагым, сен Раззаковду билбей кайда жүрөсүң, Сталин кандай болсо, Раззаков ошондой Кыргызстандын биринчи секретары» деди. Уялып калдым. Эртеси саат үчтө мени ал киши кабыл алып: «-Мен сага жолугам деп атаңа убада бергем. Нарынга актив өткөрөйүн деп бара жатып, бети каранын талаасында кой жайып турган кишини көрүп, учурашайын деп токтоп калдым. Ал киши сенин атаң Молдалиев Асан экен. Ал-жайын сураштырсам, көп нерсени билген киши экен, согуштун убагында башкарма болуп, Өкмөткө чоң жардам бериптир. Бир сааттан ашыгыраак сүйлөшүп туруп ал кишиден көп нерсени билип алдым. «Бала-чака барбы» деп сурасам, «бир балам мага жардам берип айылда, кичүү кызым мектепте, бир балам Москвада окуйт» деди. Мен буга абдан таң калдым. «Москвага согуштан кийин ушул Нарындан кантип барды, №5-мектепте окуду беле?» деп сурадым. «№5 дегенди билбейт экемин, Долондон өткөн эмес, анан медаль-седаль деп жүрүп эле бир күнү кетип калды. Азыр химик болом дейт» деди атаң. Менделеев интситуту чоң мектеп, мен аны жакшы билем. Бүтүп барчу болсоң сен сөзсүз керектүү инженер да болосуң, илимпоз да болосуң. Мындай кадрлар бизде жетишпей атат. Ушуну айтып коеюун деп эле чакырдым, айланайын»,- деди дагы чөнтөгүнөн конверт алып чыгып, «…мынабу өзүмдүн айлыгымдын кичинекей бир булуңу, тамак ичип кой. Мен да көп жерде окудум. Тааныштарым келгенде жок эле дегенде ашканага алпарып тамак алып берчү эле»,-деди. Бул окуя менин турмушумдагы эсте каларлык тарыхый күн болуп калды.

«Менин лингвистикалыкуниверситетим»

-Дагы бир окуяны айтып берейин, 4-курска барып калган учурда мен спорттон артта калбайын деп, күрөшкө катышып, штанга менен иштеп, самбо боюнча биринчи разрядник болуп жүргөм. Анан эле моюнум шишип чыкты. Бирок оорубайт. Врач көрүп алып бул жаман оору деп онкологиялык ооруканага жаткырып койду. Чоң консультант келет деп бир айга жакын врачтардын көзөмөлүндө ооруканада жаттым. Жанымдагы оорулуулардан рактан адам айыкпай турганын уктум. «Москвадан окуюн деп келсем кантип өлүп калам» деп кайгырып, артымда эстелик калсын деп ыр жаза баштадым. (Мектепте ыр жазчу элем). Бир дептер толтурдум. Окусам начар. Анан Николай Островскийдин «Болот кантип курчуду» чыгармасын туурап роман жазайын деп чечтим. «Ал деле гипсте жатып ушул чыгарманы жараткан, менин андан эмнем кем» деп ойлодум. Ошентип түшкө чейин ыр, түштөн кийин роман жаза баштадым. Тез эле бир айча убакыт өтүп кетти. Бир күнү баягы күтүп аткан профессор келип. моюнумду басып туруп, «Паскальдын законун билесизби, баланы аз жерден өлтүрүп кое жаздаптырсыңар» деп шприцти сайып тартып алганда ириң чыкты. Көрсө меники рак эмес эле моюнумдун омурткасын штанга менен уруп жарадар кылып алган экемин. Ошол ириңдеп атыптыр. Башка ооруканага которуп, операция кылышты. Ошону менен он ай былкылдабай гипсте жаттым. Жанымда алты киши бар, баары орустар, баары мен сыяктуу кроваттан турбайт. Алар менден Кыргызстан, биздин салт-санаабыз жөнүндө абдан кызыгып сурашат. Анын үстүнө бир радио приомник сатып алып болгон радио берүүлөрдү угам, орусча. Ошол он айдын ичинде орусчаны кадимки орус мектебин бүтүргөндөй таза үйрөнүп чыктым. Бир жылдын ичинде телчигип, басып кеттим. Кудай ошондо да чоң жардам берди, оорума шылтоолоп бир жыл орустардын арасында жатканда лингвистикалык университетти бүткөндөй болдум.

Мекен кызматында

- Университетти бүтүп Кыргызстанга келдим. Бир жылча иштеп туруп, кайрадан аспирантурага окууга кеттим. Келсем жаңыдан илимий академия уюшулуп аткан экен. Лаборатория уюштуруп беришти. Ушул жерден алгачкы илимий ачылыштар пайда болду. Аны менен бирге Кыргыз мамлекеттик университетине химия факультети ачылыптыр, ал жерде лекция окуп жүрдүм. Ошол жерден кыргыздын балдарын кыргызча окутуш керек экен деп кыргызча китептерди жаздырууга кириштим. «Физикалык химия», «Органикалык химия», «Органикалык эмес химия», «Аналитикалык химия» сыяктуу китептердин баары жазылды. Ошол эмгектер боюнча мамлекеттик сыйлык алдык. Менин тагдырымдын дагы бир бөтөнчөлүгү ошол университеттин ректорлугуна конкурс жарыялашты. Мурда ректорду дайындап эле койчу экен. Анан 1987-жылы биринчи жолу шайлоо боюнча полигон уюштурулуп, 12 киши шайлоого катышып, ошолордун ичинен мен жеңүүчүсү болуп калдым. Университетте ректор болуп беш жыл иштедим. Ошол эле мезгилде Эл депутаты болуп шайландым. Өзүбүзчө суверендүү өлкө болсок деле илимий даражаларды алуу Москвада жүрүп аткан. Ошондо биринчи президентибиз Аскар Акаевичтин өтүнүчү менен Кыргызстанга алгачкы жолу илимий даражаларды алуу боюнча Улуттук (ал кезде жогорку деп аталчу) аттестациялык комиссияны уюштурдук. Мына ошол комиссияны 13 жыл жетектеп, мен иштеп турганда 500-600 киши илимдин доктору, 1500 киши илимдин кандидаты болду. 2002-жылы президенттин Жарлыгы менен Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редактору болуп дайындалдым. «Көп китеп жазып жүрөсүз, сизди энциклопедист катары тааныйбыз» деп ушул маанилүү ишти мага тапшырышты. 2006-2007-жылдары аттестациялык комиссияны өткөрүп бердим. Бүгүн улуттук энциклопедияда эмгектенип атам. Улуттук энциклопедия 10 томдуктан турат. Төрт тому бүгүнкү күнгө чейин жарыкка чыкты. Калганы даярдалып атат. 2015-жылга чейин Кудай буюрса баарын чыгарып калабыз.

Илимдеги табылгалар

-Учкун (искра), чагылган жаратылышта көп процесстерди, көп синтезди жасайт. Байкаган кишиге чагылгандан кийин жыт да пайда болуп калат. Ал эми ошол чагылганды лабораториялык стакандын ичинде жасоо, андан химиялык синтезди алуу менин тагдырыма туура келип калган экен. Эң негизги илимий ачылышым ушул учкундун таасири менен химиялык процесстерди жүргүзгөнүм болду. Анын көпчүлүгү патенттелген. 60тан ашык патент бар. Ошолордун ар бири, же ар бир затты алуу учкундун жардамы менен пайда болгон. Бүгүнкү күндө нанотехнология деп дүйнө жүзү дүңгүрөп атат. Менин жасагандарым ошол нанотехнологиянын бир бөлүгү болуп калат.

Бүгүн 350дөн ашык илимий эмгектерим, 10 чакты монографиям (илимий китептерим) бар. Ал эми окуу китептери аябай жетишээрлик санда. Биз ошол окуу китептери боюнча электрондук энциклопедия чыгардык. Бир дискте 14 китеп камтылган. Каражатты балдарым каржылап, мектептерге бекер таратып берели деп даярдап койдук. Жакын арада республикадагы мектептердин бардыгына берсем деп аракет кылып атам.

80 жылдыгыма карата шакирттерим «Перелистывая книги ученого, изобретателя, педагога, энциклопедиста» деген китепти жазышты. Мен адегенде мөңкүп ушулардын бирөө эле жетишет дегем. Анан төрт окуучум «сизде ушулардын бардыгы бар, 60тан ашык китебиңизди сорттогондо ушул наамдар далилденет экен» дешти.

«А» класстагы кол жеткис кыз Өмүрлүк жубайым болду»

-Үй-бүлөм тууралуу сөз кылганда кайрадан Теңир-Тоонун койнундагы балалык кезим эске түшөт. 9-класста Сеитбек агайыма жардамдашып адаттагыдай балдардын текшерүү иштерин текшерип отургам. Агай биздин класстагы мыкты окуган окуучу кыз Тамара Абдылдаеваны мен олтурган класска ээрчитип келип, «сага жардам берсин» деп жаныма отургузуп койду. Катарымда табышмактуу кол жеткис кыз отурду. Ишти эмнеден баштайт болду экен деп кызыгып койдум. Ал унчукпай биринчи текшерүү ишти алды да текшере баштады. Карап турсам, жеңилдерин тез эле бүтүрүп, оорураактарына келгенде кабагын чытып ойлонуп калды. Анан ал мага кайрылууга аргасыз болду. Бул «Г» класста окуп жүргөндө эле менин көзүм түшкөн кол жеткис кыз эле. Бирок биздин алгачкы жолугушуубуз ушундай кырдаалда болоорун түшүмдө да кыялданган эмесмин. Дал ошол текшерүү ишинен кийин Тамара экөөбүздүн ортобузда келечекке болгон олуттуу сезимдер жаралган. Тамара университетти бул жерден окуду. Өзү математик. 5-курста үйлөнүп алдык. Жашоодогу жетишкендиктеримдин көпчүлүгү байбичемдин күчтүүлүгүндө. Мен университетке ректор болуп барганда сенин жумушуңа жардамым деп мени бүт майда-чүйдө жумуштарга катыштырбай толук эркиндик берип койду. Балдарды төрөп берди. Жашоо-тиричиликтин бардык түйшүктөрү ошол кишинин колунда.

Балдарымдын баары илим багытына кетишти. Бир кыз, үч уулубуз бар. Бир уулубуз каза болуп калган. Улуу кызым Гүлнара өзү математик, бирок журналистикалык жагы күчтүү. Уулубуз Болот химик, окуусун Москвадан бүткөн. Илимдин кандидаты, доцент, Сабак берип жүрүп атат. Андан кийинки Темир деген балабыз дагы математик, физика-математика илимдеринин кандидаты. Америка университетинде иштейт. Кийинки балабыз Белек. Атам кандидаттык дипломумду көрүп жууймун деп Солтон-Сарыдан эт-аш, кымыз салып келатып Кара-Кужурдан жол кырсыгына кабылып, кайтыш болуп калган. Ошондо төрөлгөн бала болгондуктан атын Белек койгонбуз. Ал азыр Сумитома деген япон фирмасынын Казакстан-Кыргызстан боюнча өкүлү. Алматыда турат. Баарынын бала-чакасы бар. Германияда 4 неберем, Дубайда 1 неберем окуп жатат. Чөбөрөлөрүм бар.

«Жасалган иштеримден жасала электери алда канча кӨп»

- Ушул күндөрдө ушунчалык жаңы, жакшы иштер башта туруп атат. Ден соолук болсо мына ошого киришишим керек дегенди ойлонуп атам. Илимдин жакшы жери чексиздигинде. Ал эч качан бүтпөйт. Аны менен алектенген болсоң менин жасап кеткендерим чыпалактай эле бөлүгү. Жасалбагандары жасалгандарынан алда канча көп. Аны буюрса окуучуларым улантат. Мен даярдаган 6 илимдин доктору, 25тен ашык илимдин кандидаты пайда болду.

Басып өткөн жолум менен албетте сыймыктанам. Ошонун баарына аракеттенүү, тынымсыз эмгектенүү жеткиргенин белгилегим келет. Ошондой жол менен силер өңдөнгөн жаштар барса өздөрүн ырыстуу деп эсептешет деп ойлойм. Бардык маңыздуу, интеллектуалдуу жумуштардын башатында болуп, Улуттук университеттин ректору, Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, Улуттук энциклопедиянын башкы редактору катары улуттук интеллекттердин ачылышына аралашып калган тагыдырыма ыраазымын.

Үсөн Асанович маегин ушундайча жыйынтыктады. Анын басып өткөн өмүр жолунан том-том китептерди жазуу аздык кылаар. Ал эми гезитибиздин мүмкүнчүлүгү чакталуу болгондуктан агайдын айткандарынын ченелүү бөлүгүн гана кагазга түшүрдүк.

Сөз соңунда Үсөн Асановичти жалпы теңир тоолук эл-журтунун, туугандарынын жана «Теңир Тоо» гезитинин эмгек жамаатынын атынан мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, узак өмүр каалап, «Сиз жасачу иштер, сиз ашчу дабандар али алдыда» демекчибиз.