Акыркы макалалар

Иран Кыргызстандын төө буурчагын сатып алууга кызыгууда

Иран Кыргызстандын төө буурчагын сатып алууга кызыгууда

Иран мамлекети Кыргызстандан төө буурчак сатып алууга кызыгууда. Бул тууралуу Иран элчиси Али Моджтаба Рузбехани КР Экономика министри Артем Новиков менен жолугушууда билдирди.

Анда элчи эки өлкө ортосундагы соода кызматташтыкты жогорулатуу, Кыргызстан менен Иранда өндүрүлгөн товарлар тууралуу маалымат алмашуу жана өз ара соода жүгүртүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Али Моджтаба Рузбехани ошондой эле, өндүрүш, тамак-аш өнүмү, кен байлыктарын пайдалануу жана туризм жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Сөзүнүн соңунда элчи министр Артем Новиковду Иранга чакырып, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча кеңири талкуу жүргүзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде А.Новиков бул чакырууга ыраазылык билдирип, Иранга баруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө убада берди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg