Акыркы макалалар

Нарын облусуна дагы 9 памирлик кыргыз келди

Нарын облусуна дагы 9 памирлик кыргыз келди

Учурда эки үй-бүлө балдары менен Кочкордогу №15 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап жатышат

Нарынга дагы тогуз памирлик кыргыз келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-февралда эки үй-бүлө балдары менен Нарын шаарына Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан алып келинген. Кийин медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, 22-февралда Кочкор районуна жөнөтүлгөн.

Памирлик кыргыздарды Кочкордон райондун акими Нурлан Керимкулов менен Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн начальниги Баатырбек Абдымамытов тосуп алган. Учурда алар №15 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап жатышат.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg