Акыркы макалалар

«СССРдин жигиттери жана Күмөндөр Абылов»

«СССРдин жигиттери жана Күмөндөр Абылов»

Жакында Нарын шаарында мурдагы советтик жана түрдүү кызматтарда иштеген адамдардын башын кошкон чоң программадагы концерттин коюлушу маданият тармагына чоң жаңылык киргизгендей эле болду. Бергенша Кырбашевдин уюштуруусу менен ишке ашкан М. Рыскулов атындагы музыкалуу академиялык драма театрында «СССРдин жигиттери жана Күмөндөр Абылов» аттуу концертке эки күн бою көрүүчүлөр арбын келишти. Билеттер мурда эле сатылып кеткендиктен айылдардан бери келип, залга көрүүчүлөр жык толуп, туруп көргөндөр да көп болду.

Концертке катышкандар союз учурунда ар кайсы кызматтарда, укук корго органдарында иштегендер болгондуктан номерлер алардын өткөн турмушу менен байланыштырылып берилди. Сахнанын арткы фонунда ырдап чыккан ар бир аткаруучунун жалындуу жаштык учурун, үй-бүлөсүн, кызмат мезгилиндеги кездерди чагылдырган сүрөт слайддар көргөзүлүп турду. Долбоордун режиссёру Акелең Кускаков: --Концерт «СССРдин жигиттери» деген ат менен коюлуп жаткандан кийин сценарийин дагы СССР учурундагы турмуш менен байланыштырып, түзгөнгө туура келди. Ал убакта темирдей тартип, өкмөттүн, партиянын тапшырмасын кыйшаюсуз аткарыш керек деген түшүнүк бар болчу. Мына ошону патриоттук духта жоокерлердин турмушу аркылуу бердик,-дейт.

Катышуучулардын көпчүлүгү маданият тармагында эмес башка тармакта эмгектенип жүрүп пенсияга чыкканына карабастан таланттары бар экенин көргөзүп, ырды жандуу үн менен профессионал артисттердей эле созолонто аткарышып, көрүүчүлөрдүн кызуу кубаттоосуна ээ болушту. Айрыкча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенжегул Мендебаиров өзүнүн «Кечирип кой» аттуу ырын, Нарын райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Токтогул Абдыраев Түгөлбай Казаковдун «Тоо гүлдөрү» аттуу ырын аткарганда көрүүчүлөр залдан кетирбей кол чаап суранышты. Сахнага биринчи чыгып жаткангабы айрымдарынын толкунданганы байкалып турду. Мисалы, Нарын шаардык аксакалдар Кеңешинин төрагасы Арпачы Тайсалов биринчи күнү коюлган концертте Кыргыз Республикасынын эл артисти Калыйбек Тагаевдин «Элмира» аттуу ырын аткарып жатып, элдин сүрүнөнбү же шашып кеттиби «Карагайдай көздөрүңдү сагынам» деп алып элди бир жылмайтты. Ошондой эле долбоорду колдоп, конок катары келген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов өзүнүн тамашаларын тартуулап, көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөдү.

Концерт бүтөрүндө Күмөндөр Абылов «Агаларыма» аттуу ырын аткарганда залдагылар тыптынч отуруп угушуп, ыр соңуна чыкканда алакандарды кызыта кол чабышты. Көрүүчүлөрдүн араларында айрымдарынын жакындары эске түшкөнбү, же ыр жүрөгүн элжиретип катуу таасир эткенби толкунданып жашып ыйлагандар болду. Демейде акыркы номер аткарылып, катышуучулар сахнага чыгып баштаганда маданияттуулугун көргөзүп, аягына чейин отурганга чыдабай залдан чыга качканча шашкан көрүүчүлөр бул жолкусунда кеткиси келбей, алып баруучулук милдетти аткарган Жумабек Мадемилов менен Канат Мамыркановдун «ушуну менен концертибиз соңуна чыкты. Үйүңүздөргө жакшы жетип алыңыздар»-деген сөзүнөн кийин ордуларынан козголушту.

Концерт жыйынтыкталгандан кийин программа кандай деңгээлде өткөндүгүн, таасири канчалык болгондугун билүү максатында көрүүчүлөрдүн жана катышуулардын бир-экөөнүн оюн угуп көрдүк.

Төлөгөн Ашыралиев, 72 жашта, концерттин катышуучусу:

--Буга чейин ыр чыгарып ырдап жүргөнбүз. Бирок минтип сахнага чыгып ырдап көргөн эмесмин. Сахнанын, элдин өзүнчө сүрү, аурасы болот экен. Толкундандык, рахат алдык. Жашартып дем күч берди.

Убыкеев Каныбек, Нарын шаарынын тургуну, көрүүчү:

-- Концерт аябай жакшы уюшулуптур. Таланттуу адамдар көп экен. Көңүлгө толгон жагымдуу ырларды аткарышты. Өзүбүздүн театрга ушинтип зал толо көрүүчүлөр келип, жакшынакай маанай менен эс алып кеткенге не жетсин. Мындай ыр-күүлөр көп уюштурулуп, эл үзүлбөй келип турсун.

Концерттин уюштуруучусу, бир кездерде статистика жаатында иштеп жүрүп, бирөөгө жагалданганды билбеген, жакпаган нерсесин бетке чаап айткан мүнөзүнүн оордугунан жумушунан бошотуп коюшкандыгын айткан Бергенша Кырбашев жумушсуз калгандан кийин 40 жыл бою сүрөт тартып иштептир. Акыркы 2-3 жылдын аралыгында «Көзүм жакшы көрбөй калды. Эми силер иштегиле»-деп жумушун балдарына өткөрүп берип, өзү үйдөгү чарбалык жумуштар менен алектенип жүргөн учурда кокусунан улуу баласынын каза болуп калышы жүрөгүнө оор кайгы салып, стресс абалында калганда бул абалдан чыгармачылык менен алектенип жүргөн достору чыгарып кетишкен экен. Ошол учурдагы абалын, чыгармачылыкка кантип аралашып, чоң программадагы концертти коюу идеясы эмнеден улам келгендигин долбоордун жетекчиси Бергенша Кырбашев төмөндөгүчө айтып отурду.

--Улуу уулум каза болуп калгандан кийин көкүрөгүмдү кыйнаган ачуу нерсе туруп алды. Бирөө менен чечилип сүйлөшкүң келбейт. Жан дүйнөңө бир нерсе жетишпей эле бардык нерсе кызыксыз болуп, көңүл чөгүп жүргөн кезде музыкант достор мага жардамга келген. Алар уулумдун кыркы боло элек кезинде эле аспаптарды тарттырып көңүл бугумду чыгарып жүрүштү. Көрсө мен музыкага жакын окшойм. Анан театрдын жетекчилигине кайрылып, мени театрга кызматка жарым штатка болсо дагы албайсыңарбы деп айтып көрдүм. Аларда бош кызмат орун жок экен. Кокусунан Нарын районунун акими Түгөлбай Кадыкеевич, орун басары Роза Ражаевна; «Нарын райондук маданият үйүнө убактылуу болсо дагы деректир болуп иштей туруңуз» деди. Макул болуп иштеп калдым. Ал жерде андай деле жумуш жок экен. Эмне кылыш керек. Илгери жогорку кызматтарда иштеген жакшы ырдаган абышкалар бар эле. Тайсалов Арпачы байкеге «ырдап көрбөйлүбү» деп айттым, ал макул болуп, дагы бирөө кошулду. Ошентип көбөйүп башыбызды кошуп баштадык. Аракет кылсак бирдеме чыккыдай. Ырдап баштадык. Азыркы каңкылдап мээни ооруткан музыкага караганда булардын ыры мага сонун угулду. Же мен ошону сагынып калганмынбы?

Ал жерде маданият бөлүмүнүн башчысы Саадат деген келин бар. Ал дагы бизге такыр тоскоол болгон жок. Ошонун баары карап көрсөм колунда бар абышкалар. Бирок ырдагандан уялышат. Бир күнү келгиле чоң сахнага чыгып, концерт коёлу деп сунуш кийирдим. Алар «чоң сахнага ушул курагыбызда жинди эле киши чыгып ырдабаса, болмок беле» дешип каршы болушту. Айттым «акчаны таап алсак болот. Бул эми материалдык байлык. Талантыңарды элге көргөзгүлө» деп. Ынанышып айрымдары «ырдап көрбөйлүбү, ушул жашка чейин оокат, дүнүйө деп жашап келдик, табылбаган руханий байлыкты элге жайылтпайлыбы» дешип бирин-бири түрткүлөп, идея башталды. Анан концерттик программаны алып чыга тургандан кийин ат коюш керек болуп калды. Толтура жыйырмадай ат койдук, жаккан жок. Мен айттым баарыңар СССРдин жигиттерисиңер. Келгиле «СССрдин жигиттери» деп коёлу деп ошону менен ат коюлду. Булар сахнага чыкпаганы менен бири-бирин чымчылап сүйлөсө чоң куудулдар. Ошентип тамашалашып отуруп концертти эки айда эле даярдап бүтүрдүк. Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата концерт берели десем шаардык жетекчилер укпай да коюшту. «Жок дегенде абышкалардын бир-эки номерин бергиле» деп айтсам, «бул жакта даярлары бар» деп кабыл алган жок. Ошону менен абышкалардын шагы сынып калып, анын үстүнө уулумдун ашын бериш керек болуп тарадык. Мен дагы жумушумду өткөрүп бердим.

Акыры концертти коё турган убагыбыз ушу кыш мезгилине туш келди. Абышкалар суукта ооруганына карабай репитицияга келип жатышты. Билет саталы андан эч ким деле күйбөйт деп маселе көтөрсөм, театрдагылар «билетиңер өтпөйт. Кассага койбогула» деди. Анан мекемелердеги, башка жактагы тааныштарга чалып, билеттерди берип, ошолор аркылуу саттырдым. Аягында билет калбай калып, сурап келгендер көп болду. Концерт коюлган күнү көңүл буруп Нарын шаарынын мэри, Нарын районунун акими, шаардык Кеңештин депутаттары келип, белектерин беришти. Бул абышкалар үчүн аябай дем болуп толкундандык.

Эми булар профессионал артисттердей музыкалык ыргакка түшүп ырдабайт. Ошонун баарын оркестр ээрчип коштоп турду. Музыка жагын Калыгыл Самаков деген эң күчтүү музыкантыбыз, сценарийин Акелең Кускаков жазып, театрдын жетекчиси Муратбек Кыдыралиев өзү кошо чуркап даярдашты. Жыйынтыгы эл аябай жакшы кабыл алып, баары кол чаап коштоп жакшы отурушту. Көрсө эски ырларды эл сагынган окшойт.

Буюрса алдыда дагы ойлор бар. Булардын арты 55ке асты 80ге таяп калган абышкалар. Аларды чачыратып ийбей, үндөрүн жоготпой тарбиялап, кырдаалга жараша аракет кылабыз.

Долбоор тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, куудул Күмөндөр Абылов дагы ой бөлүштү.

--Бул долбоорду Бергенша Кырбашев байкебиз жайында эле баштап, эгемендүүлүк күнүнө карата чыгаралы десе, райондун, шаардын кайсы бир жетекчилери улгайып калган башка тармактын өкүлдөрүнүн колунан эмне келет дегенчелик кылып каршы болуп койгон экен. «Эл ичи өнөр кенчи» дейт. Талантты канчалык тоссоң дагы бир жерден чыгат. Сууну бууп койсоң толуп туруп, бир жерин жырып каптап кеткендей эле кеп. Баары бир идея пайда болгондон кийин жүзөгө ашты. Идея көп эле кишиден чыга бериши мүмкүн. Бирок ошонун өзү көптөгөн эмгекти талап кылып, ишке ашырыш оңойго турбайт.

Залда биз курдуу кишилер көбүрөөк болуп, жаштыкка бир кайрылып барып келгендей СССРди же бизди сагынып калышканбы, орундук жетпей калып туруп көргөндөр да көп болду. Бирок ушунчалык кунт коюп угуп, колдоп тынч көрүштү. Бул дагы мага чоң эргүү берип, чыгармачылык жактан көпкө дем бере турган күч-кубат алдым.

Бул долбоорду эми колдош керек. Азыр Россияда ушундай жалаң пенсионерлерден түзүлгөн элдик топтор көп. Ошолорду ошол жердин жетекчилери колдоп, кыдыртып элет жерлерине чейин алып барып, улгайган адамдарга дем берип, концерттерди койдуруп жатышат. Буларды дагы таптап үйрөтүп, акимдер, облус жетекчилери моралдык жактан колдоп, башка аймактарга алып чыкса, бул Кыргызстанга чоң жаңылык болот эле. «Улуу көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат». Пенсияга чыгып алып жөн жата бербей, таланты менен элди оптимист болууга чакырып, жакшылыкка үндөп, жаштарга үлгү болсо эмнеси жаман. Бул долбоорду улантабыз дешсе мен да идеяларымды кошуп, колдогонго даярмын.

Концерт коюлган күндөрү Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары келишип, бардык катышуучуларга белектерин тартуулашты. Долбоорду уюштурган Бергенша Кырбашевге Ардак грамота, ыраазычылык каттар ыйгарылса, Күмөндөр Абыловго Нарын шаарынын ардактуу атуулу наамы тапшырылды. Мындан сырткары аталган эки адамга Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева өзү жетектеген «Асылзат» коомунун төш белгилерин такты.