Акыркы макалалар

Коомдук транспортто жүргөн депутаттардын тизмеси

Коомдук транспортто жүргөн депутаттардын тизмеси

Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу коомдук транспортто каттаган депутаттардын атын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Альфия Самигулинанын атын жазып, Дастан Жумабеков да төрагалык кызматка келгенге чейин троллейбус, кичи автобустар менен жумушка келип жүргөнүн кошумчалаган.

«Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук транспортто жүргөнү уят көрүнүш эмес». Мындай оюн эл өкүлү Карамат Орозова билдирди. Ал өз сөзүндө төрөлгөндө эч ким депутат болбостугун, эл арасынан эле чыгарын айтты.

«Депутат болгонго чейин да, болгондон кийин да коомдук транспорт менен эле каттап жүрөм. Бул эч кандай уят иш эмес. Ал эми кесиптешим (ред. Камчыбек Жолдошбаев) кызматтык иштерди аткарууда кыйынчылык туулуп жатканын түшүнүктүү айта албай калды. Чынында, эркек адамга байкалбаганы менен айым депутаттар аймакка чыкканда кызматтык унаанын жоктугу үчүн кыйналып калабыз,»-деп «Марал» радиосуна билдирди.

Кошумчалай кетсек, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүнүн жана алардын жардамчыларынын маршрутка менен жүргөнүнөн уяла турганын айтып, кызматтык автоунаалардан баш тартуу маселесин жабык талкуулоону сунуштады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg