Акыркы макалалар

Кыргыз балбандары Иранда 2 алтын 1 күмүш медаль жеңип алды

Кыргыз балбандары Иранда 2 алтын 1 күмүш медаль жеңип алды

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Иранда өткөн эл аралык Takhti Cup 2018 мелдешинде 3 медаль утуп алды.

Мелдеш 25-26- январь күндөрү Ирандын Бендер-Мехшехр шаарында өттү, анда жалпы 10 комплект медаль ойнотулган.

Эл аралык мелдешке Кыргызстан курамасында 11 спортчу барган, алар улук машытыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында беттешүүлөргө чыгышты.

Мелдеште 60 кг салмактагы балбандар арасында биринчи орунду кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков жеңип алды, ал эми Калы Сулайманов 63 кг салмактагылар арасында биринчиликти ээледи. Ушул эле салмактык категорияда Урмат Аматов күмүш медалга татыктуу болду.

Башка кыргыз спортчулары Рустам Теишов жана Самат Шырдаков коло медаль үчүн күч сынашты, бирок беттешүүлөрдүн жыйынтыгында 5 орунга ээ болушту.

Учурда Кыргызстандын улуттук курамасы 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык көрүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg