Акыркы макалалар

Кыргызстандан Европа Бирлигине экспорт 11 айда 90% өстү

Кыргызстандан Европа Бирлигине экспорт 11 айда 90% өстү

2017-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандан Европа Бирлигинин мүчө-мамлекеттерине экспорту 90% өстү, алтынды кошпогондо өсүш 60,7% түздү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода бөлүмүнүн башчысы Бүбүсара Токтоналиева билдирди.

Анын айтымында, экспорт көбөйдү, бирок аны ВСП+ макамынын эсебинен деп айтууга болбойт. Анткени баардык товарлар бажы алымынын коюмунан бошотулган эмес. Анткени Кыргызстанда жалпы 11 миң товардык позиция бар, алардын 6 миң 200 түрү гана бажылык төлөмдөн бошотулган.

Бөлүм башчы билдирген боюнча, учурда Кыргызстан Европа мамлекеттери менен соода жүргүзүүдө бажылык алымдардан жеңилдик алды. Анткени жеңилдетилген преференция алуу менен Кыргызстандык ишкерлер нөлдүк коюм менен Европа бирлигинин аймагына 6 миңден ашык товардык позицияны жөнөтө алат.

Ал эми Европа өлкөлөрү тарабынан Кыргызстандын товарларынын сатып алынышы өлкө имиджин көтөрүүгө жардам берээрин Бүбүсара Токтоналиева кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg