Акыркы макалалар

Кыштын кыскалыгынан Ысык-Кѳл тоӊбойт

Кыштын кыскалыгынан Ысык-Кѳл тоӊбойт

Ысык-Кѳлдүн түштүк жээги сууктан тоӊуп, толкундар жээкке муз бүркүп жатканы тууралуу видео социалдык түйүндѳргѳ тараган. Анда колдонуучулар бир катар талкуу жараткан. Бирок, бул видеого кѳпчүлүк эл таӊ калса, айрымдары Ысык-Кѳл тоӊбой тургандыгын айтышууда. Мындай пикирлерге облуста кѳп жылдан бери эмгектенген суучул Айдин Сырдыбаев тѳмѳндѳгүдѳй жооп берди:

-Ысык-Кѳлдүн тоӊбогонунун биринчи себеби, бул- жайдын узундугу. Жай мезгилинде кѳл 200 метр тереӊдикке чейин жылуулук алат. Кыш мезгилинде күндүн кыска болгон себебинен тоӊгонго жетишпей калат. Экинчи себеби туздуулугу болуп саналат. Болгону мѳӊгүдѳн эрип келген суу кошулган жерлер, ачыкка чыга элек Караколдун тегереги тоӊот. Калган ачык жерлер тоӊбойт.

Чындыгында кѳл аймагынын түштүк жээги болуп саналган Каракол шаарындагы Пристань Пржевальск кыштагынын тургундары акыркы эки күндѳн бери аба-ырайы кескин ѳзгѳрүп, кѳлгѳ куя турган суу жээктери тоӊгондугун кабарлашты. Ошондой эле, бул кѳрүнүш жаӊылык эмес, жылда эле кайталанат дешет айыл тургундары:

-Суунун жээктери тоӊгону жылдагыдай эле. Каракол суусунун тегереги, кара суунун кире бериши, дачанын кѳл жээктери тоӊуп, балдар коньки тээп жүрүшѳт. Бирок, 2-3 күндѳн бери быйылкы кышта суук болуп жатат. Жээкте муз болуусу бизге жаӊылык деле эмес.

-Бизде суу кошулган жерлер, дачанын жээктери 5-6 жылдан бери тоӊуп жатат. Бирок бул кѳпкѳ чейин эмес.

Ал эми Кыргызгидромет борборунун Ысык-Кѳлдѳгү ѳкүлдѳрүнѳ кайрылганда, алар кѳл тоӊбогонун маалымдашты. Болгону облуста 24-январдан тартып күн суук боло баштаганын жетекчиси Саламат Байболотов билдирди. Анын айтымында тоолуу аймактарда гана сууктун күчү түнкүсүн -15 градуска жетип жатат:

-Азыр кѳл эч кандай тоӊбой эле турат. Кѳлгѳ агып кире турган Жыргалаӊ, Ак-Суу, Каракол суулары кошулат. Мисалы жээктерде тоӊгон муздар агып, кѳлгѳ кирип жатпайбы. Жалпысынан быйыл кар аз түшүп жатат. Буга чейин аба-ырайы жылуу болду, 2-3 күндѳн бери суук.

Кыргызгидромет борбору 26-январдан 30-январга чейин аймакта суук болорун маалымдаган. Андыктан калкка электр энергияны, жылуулукту үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча облус жетекчилиги тийиштүү кызматтагыларга тапшырма берилген.

Учурда Ысык-Кѳл, Нарын облустарын тейлеген “Чыгыш электр” ААК электр жарыгы үзгүлтүккѳ учурабай ѳз калыбында берилип жатканын айтат:

-Бүгүнкү күндѳ “Чыгыш электр” ААК тейлеген эки облуста теӊ электр жарыгы ѳчүрүү болбой эле. Энергетиктер штаттык негизде иштеп жатышат. Ар бир райондук электр тармактарында дежурдук бригадалар бар. Авариялык ѳчүрүүлѳр болсо абоненттер диспетчердик кызматка кайрылышса, тез арада оперативдүү бригадаларды жиберет. Бирок азырынча коомчулук тарабынан нааразычылык келе элек, — дейт Ысык-Кѳл Нарын облустары боюнча “Чыгыш электр” ААКнын басма сѳз катчысы Гүлмира Тониева.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg