Акыркы макалалар

Телефонду туура кубаттандыруу ыкмалары

Телефонду туура кубаттандыруу ыкмалары

Телефонуңузду туура кубаттандырасызбы? Эгерде бул жөнөкөй эрежелер сакталбаса, өзүңүздүн гаджетиңиздин батареясын оңой эле “өлтүрүп” аласыз!

2000-чи жылдардын башында эски уюлдук телефондорду колдонуп калгандар болсо, алардын кубаты канчалык узакка чейин сакталары эсиңиздерде чыгаар. Айрым моделдер бир батарея менен бир жумадан ашык иштей алышчу.

Азыркы тапта заманбап смартфондордун ээлери үчүн мындай мөөнөттөр фантастика болуп саналат. Бул гаджеттердин көп сандаган функциялары жана мүмкүнчүлүктөрү абдан көп энергияны сарпташат.

Заманбап гаджеттердин батареяларын 100% чейин толтуруу керектиги, болбосо бул терс таасир берери тууралуу пикир айтылып келет. Бирок бул туура эмес.

Ири батарея өндүрүүчүлөрдүн бири Cadex гаджеттердин аккумуляторлоруна туура мамиле жасоо жөнүндө кызыктуу макала жарыялаган.

Анда келтирилген негизги эрежелер менен бөлүшөбүз:

1. Телефонду 100%га чейин кубанттандырбагыла! Өндүрүүчүнүн айтымында, батареяны толгуча кубаттандыруу акыркы пайыздарда түзүлгөн жогорку чыңалуудан улам ал үчүн зыяндуу болушу мүмкүн. Идеалдуу көрсөткүч – 90-95%.

2. Толук кубаттандырылган гаджетти кубаттандыргычка сайбоо керек! (Айрыкча айрым колдонуучулар телефонду түнкүсүн кубаттандырууну жакшы көрүшөт). Толук кубаттандырылган телефон 100%ды сактап, энергияны бөлүп алып турат. Мындай шартта аккумулятор үчүн стресс түзүлөт – ага тез иштөөгө туура келет. Жөнөкөй салыштыруу келтирсек, бул адам бир нече убакыт бою бир эле ишти эс албастан аткара берүүсү сыяктуу.

3. Телефондун ысып кетишине жол бербегиле! Бардык эшле гаджеттер үчүн ысып кетүү зыян. Анын ичинде смартфондорго дагы. Айтмакчы, Apple жада калса, кубаттандыруу учурунда сырткы каптарын чечип коюуну сунушташат. Айрыкча алар аблан калың болсо. Себеби телефон ысып кетиши мүмкүн.

4. Телефондун кубатын толук түгөтпөө керек. Гаджетти толук “отургузуу” анын батареясына зыян.

5. Эгерде телефонду кубаттандырып жатсаңыз, аны колдонбоңуз! Бул батареяга күч келтирип, ал жай кубат алат.

6. Ар бир мүмкүнчүлүк болгондо телефонду кубаттандырып алыңыз. Аккумулятор үчүн кубатты “аз-аздан” алган жакшы, бирок 100%га чейин.

7. Жасалма эмес гана кубаттандыргыч жабдууну (зарядка) колдонуу керек! Өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган зарядкаларда сактагычтар болот. Ал 100% толгондо кубаттоону токтотууга жөндөмдүү. Арзан “универсалдуу” зарядкаларда мындай опция жок. Ошондуктан мындай жабдууларды колдонууда, байкап туруп 90-95% болгондо өчүрүп коюу керек.

8. Толук кубаттоо жана түгөтүү тууралуу сөздөрдү унутуңуз! Мындай ыкма эски батареялар үчүн гана керек болгон. Заманбап литий-иондук аккумуляторлор андайды талап кылышпайт.

9. Аккумулятордун орточо жарамдуулук мөөнөтү – 2-3 жыл. Бул убакыттан кийин бардык батареялар канчалык аяр колдонулса дагы кубатты начар кармап калышат.

Бул маалыматты досторуңуз менен сөзсүз бөлүшүңүз!

Түп нускага шилтеме : kabar.kg