Акыркы макалалар

«Сосновка» өткөрмө пунктунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

«Сосновка» өткөрмө пунктунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

“Сосновка” көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин мыйзам бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 12-августунан 12-сентябрга чейин эки оор жүк ташуучу унаа Чүйдөн Баткен облусуна 4 жолу күйүүчү майды белгиленген чектен ашыкча көлөмдө ташышкан.

Бирок бул фактыны “Сосновка” пунктунун кызматкерлери айдоочулар менен келишип алып ачыкка чыгарышкан эмес. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 400 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Фактынын негизинде кылмыш иши козголгону кабарланды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg