Акыркы макалалар

Куренкеев: Күйүүчү майга 10%га чейин этанол кошсок абадагы булгануу азаят

Куренкеев: Күйүүчү майга 10%га чейин этанол кошсок абадагы булгануу азаят

Этанол чыгарып күйүүчү майга кошсок, майдагы уулуу заттардын көлөмү 50%га азаят. Бензиндин көлөмү 4 эсеге жогорулайт. Этанолдун баасы бензинден арзан. Бул боюнча Кыргызстандагы алкоголдук ичимдик өндүрүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Турсунбек Куренкеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыгызстанда иштебей токтоп турган спирт заводдорун ишке киргизип, этил спиртин чыгарып, андан этанол алууга мүмкүн. Күйүүчү майга этанолду 10%га чейин кошсок абадагы булгануу азаят. Майдагы уулуу заттар абага чыкпай күйүп кетет.

Маалыматка ылайык, спирт заводдорун ишке киргизүү менен өлкөнүн ички дүң продукциясы 2 миллиарддан 6 млрд сомго чейин жогорулайт. Мамлекетке жылына 6 млн сомдой салык түшөт. Дан өсүмдүктөрүнүн көлөмү өсөт. Натыйжада өндүрүлгөн продукцияны дайкандардан сатып алып, андан түшкөн каражатка дагы этил спиртин өндүргөн завод курууга мүмкүн.

Куренкеев, мындан сырткары бир канча жумуш орун түзүлөөрүн кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg