Акыркы макалалар

Айбек Калиев: “Энергетикалык жактан алганда бүгүн Кыргызстан толук көз карандысыз”

Айбек Калиев: “Энергетикалык жактан алганда бүгүн Кыргызстан толук көз карандысыз”

Жакшы нерсеге адам бат көнөт, жана аны бат эле байкабай да калат. Болгону 7-8 жыл мурда бизге тезек тергиле деп, светибизди 4-5 саатка өчүрүп коюшар эле. Свет эмнеге өчүрүлгөнүн эч ким түшүндүрүп убара болчу эмес. Анда сынчылардын көбү кайыл болуп, унчукпай отуруп беришчү. Бүгүн болсо Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевди өтө эле жаш деп да сындай башташты. Балким адам тууралуу анын жашына карабай, иш билгилигине карап сөз кылыш керектир. Кыргызстандыктар электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалып жатабы, балким мына ушуга караш керектир.

Кирип келген жаңы жылда кыргызстандыктарды эмне күтөт, бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси менен биздин маегибиз.

- Айбек Рыспекович, Улуттук энергохолдинг мындан туптуура бир жыл мурун 2016-жылдын 6-январында түзүлгөн эле. Сиздин пикириңизде, бул туура кадам болгонбу?

- Түзүлгөнү туура болгон. Бирок ал тууралуу менден сураганыңар бир аз туура эместей, анткени эл мени өз кызыкчылыгы болгону үчүн ушундай жооп берип жатат деши мүмкүн. Бирок мен өз тажрыйбама таянып айтып жатам, анткени мен энергетика министринин орун басары болуп иштегем, министрликтин ишин жакшы билем. Улуттук энергохолдингде да эки жыл иштедим. Маселени ичинен билем десем болот. Ошондуктан бул туура кадам болгон деп ишенимдүү айта алам. Министрлик бул тармактагы маселелерди толугу менен көрө албайт, ал айрым гана жактарын көрөт, компанияларды бир-бири менен салыштырат да, натыйжалуулугун байкай албайт. Биз Улуттук энергохолдингде оптималдаштыруу жагынан алганда бирдиктүү саясатты иштеп чыктык. Акыркы эки жыл аралыгында көп иш жасалды. Бирок биздин кемчилигибиз, кылган ишибиз менен элге жар салып мактанбайбыз. Жөн гана план боюнча иш жүргүзүп келебиз.

- А эмнеге жар салбайсыңар? Токтоолук кылып жатасыңарбы?

- Бул биздин ишке залакасын тийгизип коюшу мүмкүн. Тилекке каршы, биздин ишти ашыкча саясатташтырып жатышат. Ал эмес ошол оптималдаштыруу ишибизде кайсы бир адамды кыскартышыбыз керек болот, жумуштан кетирүүгө туура келет. Ал эми ал адамдын аркасында башка адам турат, тааныштары бар дегендей, кээде таасирдүү, чоң кызматтагы. Алар такай бизге чалып суранышат: “Муну калтырып койчу, ал менин тууганым же кудам” деп... Көбүн жемкорлук боюнча да жумуштан айдап жатабыз.

- Башкача айтканда жемкорлук дагы деле бар экен да?

- Ооба, бирок мурдагыдай өлчөмдө эмес. Айрым учурлар болуп калат, алардын тамырын үзүш үчүн ар-бир окуя боюнча иштеп жатабыз.

- Улуттук энергохолдингдин ишиндеги акыркы эки жылдагы кайсы ийгиликтерди атай аласыз?

- Биз башкаруунун корпоративдик моделинин бирдиктүү түзүмүн иштеп чыктык. Андан кийин өзүбүздүн күчтүү жана начар жактарыбызды иликтеп, тармактагы талдуу жерлерди жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү аныктадык. Ушул талдоонун жыйынтыктарына таянып, ар бир багыт боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыктык. Учурда биз башкарууга системдүү ыкманы, системалаштырууну жана автоматташтырууну киргизип жатабыз. Башкы максатыбыз – экспорттук абалга кайтып келишибиз керек жана бара-бара электр энергияны көбүрөк саткан тейлөө компаниясына айланышыбыз зарыл. Аны үчүн оңдоо иштеринен баштап калкка тейлөө көрсөткөнгө чейин бардык процесстерди оптималдаштырып чыгышыбыз керек.

- Биз азыр электр энергиясын импорттоп жатабызбы?

- Жок, биз импорттобой калганбыз. Биз 2014-2015-жылдары, 2016-жылы да иморттогонбуз, башкача айтканда электр энергиясын казактардан жана тажиктерден сатып алат элек. 2016-жылдын жазынан баштап электр энергияны сатып алганды токтоттук. Бул дагы жетишкендиктирибиздин бири. Андан сырткары, 2012-жылдан бери жылуулук берүү мөөнөтүнөн чыгыш үчүн жана ремонттук иштерге бюджеттен акча алып турат элек. 2017-жылы биз бюджеттен бир да тыйын алган жокпуз. Тескерисинче, план боюнча биз 1 млрд 700 млн сом төлөшүбүз керек эле, ал эми 2017-жылдын декабрында биз 2,2 млрд сом төлөдүк. Башкача айтканда 500 млн сомго көбүрөк.

- Бул натыйжалуулуктун жакшы көрсөткүчү! Бул энергетика тармагында биринчи жолу болуп жатабы?

- Ооба, мындай көрсөткүч мурда болгон эмес. Дагы бир жетишкендигибиз – суу-энергетикалык ресурстарды көзөмөлдөөнүн программасын иштеп чыктык. Бул программа дагы күн сайын, жума сайын мониторингделип турушу зарыл, бул дагы оптималдаштырууга көмөктөшөт, каражаттарды үнөмдөйт. Маселен, биз мурда ТЭЦдин иштеши үчүн 350 МВт жүктөм керек деп эсептеп, күн сайын ушул сандын чегинде болууга аракет кылып, ага жараша көмүрдүн, мазуттун жана газдын керектүү көлөмүн аныктайт элек, азыр болсо сырткы температурага жараша иш кылып, көмүр менен мазуттун колдонулушун жөндөйбүз. Эгер сыртта жылуу болсо, катуу жагып не кылабыз. Мына ушунун эле негизинде биз 150-200 млн сом каражатты үнөмдөй алабыз. Бул үнөмдөлгөн каражатты керектүү жабдыкты сатып алууга жумшаса болот. Муну биз 2018-жылдын 1-январынан баштап колдоно баштадык.

Учурда бизде ар-бир областтагы энерготармакты өнүктүрүү боюнча беш жылдык так план бар. Ар-бир аймакта бизде кандай талдуу жерлерибиз бар экенин жакшы билебиз. Оңдоо иштерин мурдагыдай башаламан жүргүзүүнү токтотушубуз керек. Бизде эми бардыгы пландын негизинде, өз убагында жүргүзүлүп турат.

- Энергетикалык жактан алганда биз толугу менен көз карандысыз өлкөбүз деп айтсак болобу?

- Ооба. Мында Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин салымы зор. Ал Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыздай алды. Ал бар кезде энергетика тармагындагы эң чоң долбоорлор ишке ашырылды – Бишкекти, Ошту жана Баткенди электр энергиясы менен туруктуу камсыздап туруу максатында Датка, Кемин көмөкчордондору, Датка-Кемин линиясы курулду, Токтогул ГЭСинде кайра оңдоо иштери башталды, Камбар Ата ГЭС-2 жана Ат-Башы ГЭСинде экинчи агрегаттын курулушу да башталды. Энергетиканын жаңылануусуна бекем пайдубалды түздү. Буга чейинкилердин бардыгы 70-80-жылдары курулган болчу, биз аларды жөн гана колдонуп келдик. Эч кандай жаңылануу, өнүгүү болгон эмес. Кыргызстандын энергетикасына Алмазбек Шаршенович экинчи дем берди десек болот. Тарых анын энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча эмгегине калыс баасын берет деген ойдомун.

- Бирок, бул жакшы иштерге жана жетишкендиктерге карабай, чехтердин “Лигласс” компаниясына байланыштуу окуя бир аз иренжитти. Буга ким күнөөлү?

- Чынында, тендердин жүрүшүндө жана билдирмелерди тандоо учурунда чех компаниясы бардык керектүү сынактык документтерди берген. Ага кошумча аларда чехтердин мамлекеттик органдарынан кепилдик документтер бар болчу. Ушуга байланыштуу комиссия өз чечимин чыгарган эле. Бирок чехтер бизди да, өз өкмөтүн да оңтойсуз абалда калтырды. Ооба, биз материалдык жактан чыгымга кириптер болгон жокпуз, бирок көп убакытты бекер короттук, беделибизге шек кетти.

- Учурда Жогорку Нарын каскаддарына инвесторлор тараптан кызыгуу барбы?

- Кызыгуу бар. Бирок “Лигласс”тан кийин биз ар-бир сунушту тыкыр карап чыгуудабыз, каржы булактарынан баштап, компаниянын түзүлүшүнүн тарыхына чейин. Бул долбоор баары бир акыры ишке ашырылат. Учурда бардыгы долбоорлор деңгээлинде болгондуктан, азырынча кайсы компания болоорун так айта албайм. Эл аралык каржы институттарынан кызыгуу бар экенин, МЖӨ (Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк) алкагында ишке ашырылышы мүмкүн экендигин гана айта алам. Бизде МЖӨ тууралуу мыйзам бар, бирок энергетика тармагында ишке ашырылыган долбоорлор азырынча жок. Ошол эле кезде бул жаатта дүйнөлүк жакшы тажрыйбалар бар.

- Жарандык активисттер жана экологдор Бишкектин айлана-чөйрөсү булганууда деп чуу көтөрүшүүдө. Жакында премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтин абаны булгоосун төмөндөтүү жолдорун иштеп чыгууну тапшырды. Муну жасаса болобу?

- Шаардыктар бийиктиги 150 метр болгон жаңы мордон эч бир түтүн чыкпагандыгын байкашы керек эле. Чыкканы буу. Өткөн жылы быйылкыдай эле 300 МВт өлчөмүндө жүктөм болгон, бирок былтыр эски казандар иштетилип, булгануу мындан бир топ чоң болчу. Ошол эле учурда былтыр эч ким чуу көтөргөн эмес. Абаны булган жатат деп Бишкек ТЭЦин жаман көрсөтүү үчүн бирөө атайын жасалма түрдө чуу көтөрүп жатат деген шектенүү бар менде. Ага карабай биз премьер-министрдин буйругун аткарууга кириштик, абанын булганышында ТЭЦтин үлүшү канча экенин, жаңы жабдыктар канчалык деңгээлде зыяндуу заттарды чыгарарын аныктоо максатында тийиштүү иликтөөнү жүргүзүүгө көз карандысыз экологиялык эксперттерди ишке тартууну караштырып жатабыз. Менде азырынча экспертизанын жыйынтыктары жок, бирок абанын булганышына жана Бишкектин үстүндө смогдун пайда болушуна ТЭЦтин тиешеси жок экенин ишенимдүү айта алам.

- Башкача айтканда эски ТЭЦ абаны көбүрөк булгайт болчу?

- Ооба, былтыр ал көбүрөк иштеген, бирок айыптагандар болгон эмес. Бул жылы жаңыланган ТЭЦ жаңы гана иштей баштады жана да түтүндөр 99%га чейин тазаланат. Мордон чыкканы түтүн деле эмес, буу.

- Анда шаардагы абанын булганышынын себеби эмнеде?

- Менин баамымда, анын себеби көп бак-дарактар кыйылып, машиналардын саны көп болгондугунда, жана да аба-ырайы быйыл кургакчыл болду. Ошону үчүн булгануу чоң болуп жатат.

- Эксперттер так айта алабы, булганууга эмне себепкер экенин: ТЭЦпи же автоунааларбы?

- Сөзсүз. Бир гана буга көп убакыт кетет. Булар көз карандысыз эксперттер болушу керек болгондуктан, биз атайын тендер жарыялайбыз. Экологияны бузуп жатат деген сөздүн бизге карата айтылышын биз дагы каалабайбыз. Абанын булганышында ТЭЦтин үлүшү канчалык экенин биз так аныктап расмий түрдө билдиришибиз керек.

- Жакында Улуттук энергохолдинг элден ар-түрдүү ой, сунуштарды чогултканда, өзүлөрү эч нерсе сунуштай албагандыктан элге кайрылды деген сөздөр чыкты эле. Буга эмне дей аласыз?

- Өзүбүздүн толтура ойлорубуз, сунуштарыбыз бар, бирок ар-бир жарандын, а биздин кардарлардын андан бетер, өз сунушун, ойлогонун айтканга толук укугу бар. Биз сайтыбызда жемкорлукка каршы кат жащигин ачтык. Биздин кызматкерлердин бардыгы жемкор деп бардыгы айтышат, бирок ошол эле кезде жемкорлук кылгандын атын, кызмат ордун эч ким айтпайт, кардарлардан ким, качан, канча алганын эч ким тактабайт. Ошондуктан биз ким бизде ушундай жаман ишке барып жатканын билгибиз келет, ошону үчүн анонимдүү кат жащигин ачтык. Экинчиден, элде толтура сунуш, ойлор бар. Күнүмдүк иш менен алек болуп, биз балким айрым маанилүү нерселерди унутуп, эске албай жаткандырбыз. Бирок, бардык гениалдуу нерсе жөнөкөй эле нерсе дегендей. Балким кайсы бир кардарыбыз кызматыбыздын сапатын жогорулатуу боюнча баалуу сунушун айтаттыр. Ошону үчүн бардык ой-сунуштарды чогултууну чечтик. Бул нерсе чет өлкөлөрдө кеңири колдоно турганын айта кетиш керек. Ал жакта ал эмес жакшы сунуштар үчүн жакшы сыйлыктар каралган. Бул жерде биздин беделибизге шек келтирген эч нерсе деле көргөн жокмун. Идеялардын фабрикасы – бул жаңы кызыктуу тенденцияларды аныктоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле эл менен, кардарларыбыз менен байланышты кармап туруунун бир жолу.

- Эми жеке сизге байланыштуу сын боюнча – сизди өтө эле жаш дешет. Мындай сынга мамилеңиз кандай?

- Жашаган жылдарым – менин байлыгым деп айтылганы менен, көп жашагандардын кээ бирлери аз гана нерсе билип, тажрыйбасы да аз болгон учурлар болот. Ар-бир адам иштеген мөөнөтүнө карабай өз ишинде максималдуу пайда алып келип, жаңы бир нерсе киргизиши керек. Мен мактанбай эле коёюн, бирок ишимдин жыйынтыктары бардыгына жооп болот го дейм. Жоготууларга, дебиторкага көз жүгүртүшсүн, же болбосо жаңы жылдык майрам күндөрү бизде бир дагы свет өчүрүү болбогонуна көңүл бурушсун. Мына ушунун баары натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү. Көзү бар көрүп турат, а көргүсү келбегендерге айла жок.

- 2018-жылы тармактын өнүгүүсү тууралуу эмнени айта аласыз?

- Биздин чоң пландарыбыз бар: бирдиктүү эсеп-кысаптык саясатты түзсөкпү дейбиз. Тейлөө көрсөткөн компания болсок деген планыбыз бар. Дагы бир жолу оптималдаштырууну өткөрсөкпү деген ойдобуз. Биз эл аралык стандарттарга ылайык бирдиктүү корпоративдик башкарууну киргизип жатабыз, бизде сапаттуу аудит болушу керек. Азыр ISO 9001-2015 процедурасынан өтүп жатабыз – бул корпортавидик башкаруунун стандарты. Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн киргизип жатабыз, башка мамлекеттик компанияларда мындай нерсе болгон эмес. Кадрларды алмаштыруу жолу менен жемкорлукка каршы күрөштү күчөтсөкпү деген ойдобуз, башкача айтканда өз кесибин мыкты билген адистерди биз жумуштан айдабай, аларды муктаждык чоң болгон башка аймактарга – Нарынга, Ошко, Жалал-Абадга – которуп турмакчыбыз.

- Эми эң башкы суроолордун бири – электр энергиясынын төлөм акысы көтөрүлбөйбү?

- Азырынча так чечим чыгарыла элек, бирок анын көтөрүлүшү толук мүмкүн. Дароо эле айта кетейин, мындай чечимди мен чыгарбайм жана бул чараларды мен иштеп чыкпайм. Ал үчүн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, чарбалык субъект бар, алар кайсы тарифти айтышса ошол тариф боюнча иштей баштайбыз. Бирок айта кетиш керек, маселе тарифте деле эмес, ага байланыштуу маселенин саясатташканында. Үй-бүлөдө уюлдук байланышка, авто унааны тейлегенге, майрамдарга, тойлорго барганга, жаңы жылдык белектерди алганга канча каражат жумшаларын байкап көрсөк. Биз азыр Интернет үчүн светке караганда көбүрөк төлөйбүз. Мисалы, Интернет үчүн үй-бүлө айына орточо 1000 сом төлөйт, ал эми 3 бөлмөлүү батирдеги электр энергиясы үчүн – 150 сом. Эми буларды салыштыруу мүмкүн эмес да, өзгөчө кайсынысы маанилүүрөк деген суроо койсок? Ал эмес коридордогу үч лампочканын бири эле иштебей калса биз жаман болуп кетебиз. Мына ушул жерде дагы бир суроо туулат, а биз үнөмдөгөндү билебизби? Бизде кээде мындай нерсе байкалат, 18 чарчы метр жерде 40 ваттык 10 лампочка орнотулган болот, жалпы жыйынтыгында 400 Вт. Энергия үнөмдөгөн лампочкаларды койсоң канча үнөм болот эле?

- Тариф канчага көтөрүлүшү мүмкүн?

- Эң көп дегенде 5-10%ке. Бул мезгилдин талабы. Лампочкаңар күйүп турса эле, демек, тармакта маселе жок деген ойдон алыс болушубуз керек. Биз азыр бардыгын өз убагында оңдоп-жамап турганга аракет кылып жатабыз, бирок бир күнү коллапс болушу мүмкүн, андай болгон күндө бааларды бир канча эсе көтөргөнгө аргасыз болобуз.

- Баалар качан көтөрүлүшү мүмкүн?

- Мен так айта албайм, жогоруда айтып кеткенимдей, бул маселени башка мамлекеттик орган караштырып жатат. Бирок жыл ичинде баалар бир аз көтөрүлүшү мүмкүн. Айрым коңшу өлкөлөрдө свет кээде күнүнө 12 саатка чейин өчүрүлүп жатканын айта кетиш керек. Үйлөрүндө свет болушу үчүн алар каалаган акча төлөгөнгө макул. Бизде болсо 24 саат толугу менен свет бар. Биз муну баалап, сакташыбыз керек.

Интервью алган Лейла Саралаева

Фотосүрөттөрдү тарткан Вячеслав Оселедко

Түп нускага шилтеме : nlkg.kg