Акыркы макалалар

Ошто калың тумандан аэропорт жабылды

Ошто калың тумандан аэропорт жабылды

“Ош” Эл аралык аэропорту аба ырайына байланыштуу жабык,-деп билдирет "Манас" эл аралык аэропорту" компаниясы.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:30дан бери калың туман байкалып, ага байланыштуу аэропорт убактылуу жабылган.

“Москва жана Иркутсктан келген учактар “Манас” аэропортунун батыш аэродромуна конду. Ошондой эле ички Бишкек-Ош каттамдары кармалууда”,-деп айтылат маалыматта.

Аба каттамдары тууралуу маалыматты "Ош" аэропортунан (03222) 9-01-01 телефону аркылуу билип, тактоого болот.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg