
Кыргызстанда Ысык-Көлдүн абасы сатыкка чыкты. Бул тууралуу 24.kg сайты жазды.
Маалыматта, Кыргызстандын абасы 2016-жылдан бери сатылып жатканы айтылат. Бир банка тоонун таза абасынын баасы 200 сом. Бул долбоордун автору Максим Боровиктин айтымында, азыр буюртма көп эмес. Ошентсе да Кыргызстандын таза абасына болгон суроо-талап бар.
Азыркы тапта алардын долбоорунун алкагында, Ысык-Көлдүн абасы сатыкка чыккан. Айрыкча Бишкектеги экологиялык абал начарлагандан бери тоонун таза абасына болгон суроо-талап өсө баштаган.
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg