Акыркы макалалар

20-январда жылдын мыкты спортчулары аныкталат

 20-январда жылдын мыкты спортчулары аныкталат

20-январда кыргызстандык Topsport.kg сайтынын тандоосу боюнча жылдын мыкты спортчулары аныкталат. Бул тууралуу аталган сайттын жетекчиси Динара Орозбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы саамалык Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Саралиновго арналып, иш-чара аталган комитет менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосунда өтөт.

Иш-чара үч жылдан бери «Sports Awards» аталышында өтүп келет. Быйыл сыйлыктын программасына жаштар саясаты тармагындагы номинациядар кошулган.

Орозбаеванын айтымында, мыктыларды тандоо үч жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл Олимпиада комитети жана мамагенттик менен чогуу өткөрүлүп жатат. Иш-чара мамлекеттик деңгээлге чыгып, Саралиновдун атындагы сыйлык негизделди. Анда спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча ийгилик жараткан спортчуларга акчалай сыйлык тапшырылат.

Эске сала кетсек, интернет добуш берүү 15-декабрда Topsport.kg сайтында, ошондой эле анын Instagram жана Facebook тармагындагы аккаунтарында башталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg