Акыркы макалалар

Нарындык журналист республикалык сынакта жеңүүчү деп табылды

Кыргыз улуттук валютасы кыргыз сомунун 20 жылдыгына карата КРнын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулган республикалык сынакта Нарын облустук «Теңир-Тоо» гезитинин атайын кабарчысы Клара Эсеналиева «Аймактар арасындагы эң мыкты макала» ийгиси боюнча жеңүүчү деп табылып, ноутбукту Улуттук Банктын төрайымы З.Асанкожоеванын колунан алып кайткандыгы белгилүү болду. Бул сыйлык Клара айымдын быйылкы жылдагы кезектеги сыйлыгы болду. Алып айтсак жыл башында Кыргызстан кесип бирликтер Федерациясы уюштурган сынакта да республикада биринчи орунду ээлеп башкы байге 30 миң сом менен сыйланган болчу. Ал эми май айында болсо Өнүктүрүү саясат институту тарабынан өткөрүлгөн экономикалык сынакта да басылмалар арасында биринчи орунду ээлеген. Жакында болуп өткөн 7-ноябрь басма сөз жана маалымат каражаттарынын кесиптик күнүнө карата Кыргызстан Журналисттер кошуунунун Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыгы К.Эсеналиевага ыйгарылган.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

22.11.2013