Акыркы макалалар

«Достук» чек ара бекети ачыла элек

АЙЖАҢЫЛ ТУРДУМАМАТОВА, ОШ

Үч айга чукул убакыттан бери “Достук” чек ара бекетинде жүздөп кезекте турган адам жок. Эки мамлекетке ары-бери каттап өтүп жүргөндөргө 9-августтан бери чектөө киргизип, Өзбекстан тарап чек араны бир тараптуу жаап койгон. Бул арада бир эле эмес эки мамлекеттин тең жарандары бир канча кыйынчылыкка туш болушту. Туугандарына жамандык-жакшылык иштерине каттоо үзүлгөн. Мындай арыздар менен алгач ызы-чууга түшүп чек арада күндөп-түндөп тургандар азыр жок. Анткени, өзбек тарап чек араны качан ачары белгисиз болуп, жадаган эл келбей деле калган экен. Чек ара кызматкерлеринин айтымында талап кылган документтер менен гана айрым учурда өткөрүүгө уруксат бар. “Достук” унаа жол көзөмөл өткөрүү жайынын зардалы Улан Шейшеналиевдин айтымында кыргыз чек арачылары Өзбекстан тарапка карап, өткөрүүнү кабыл алып жатышат. “Өзбектер эртең менен сегизден тартып ачышып, кечки сегизде жабышат. Биздин чек ара кызматкерлери эч кандай убакытка да чектөө койгон эмес. Айтымдарында эл аралык келишим боюнча, чек ара эл аралык мааниде болгондуктан күнү-түнү иштөөгө даяр. Учурда көзөмөл өткөрүү жайына убактылуу чектөө киргизилсе да, чек арачыларга иш ошондой эле”,-деп белгиледи У.Шейшеналиев.

22.11.2013