Акыркы макалалар

Үйдү жылуулап, меш куруу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Үйдү жылуулап, меш куруу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Үйүн туура жылуулатып, энергияга натыйжалуу мештерди курам деген үй ээлери үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу АВЕП коомдук фондунан билдиришти.

Жаңы тиркеме аркылуу жарандар турак жайды туура жылуулоонун түрлөрү боюнча жана отунга үнөмдүү мештер менен очокторду куруу тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле, үйдү жылуулаганда эмнеге маани берип, курулушка кандай материалдарды колдонуу керектиги тууралуу билүүгө, керектүү усталардын дарегин табууга болот.

Андан тышкары, мобилдик тиркемеге үйдү жылуулаганда керек боло турган пайдалуу кеп-кеңештер жана бул үчүн кайсыл жактан насыя алууга болоору тууралуу кеңири маалыматтар жайгаштырылган.

Эске сала кетсек, бул тиркемени уюлдук телефон аркылуу “Плей Маркет” тиркемесинен “Теплый дом” деп аталган тиркемени издеп таап, көчүрүп алууга болот.

Мобилдик тиркеме Швейцария өнүгүү боюнча Хелветас Свисс Интеркооперейшн уюму жана АВЕП коомдук фонду менен биргеликте “Айыл жеринде жашыл шыктарга окутуу – G-STAR” – долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg