Акыркы макалалар

Калеми курч кабарчыбыздын мааракеси белгиленди

Нарын облустук Сагынбай Орозбак уулу атындагы информациялык китепканасында «Калеми курч, сөзү мурч кабарчы жана пародист» аттуу адабий жолугушуу кечеси Нарын дубанындагы “ZAMAN Кыргызстан” гезитинин кабарчысы Күмөндөр Усуптегиндин 50 жылдык мааракесине арналып өткөрүлдү. Кечени өткөрүүнү аталган китепкананын мүлдө эмгек жамааты көтөрүп чыгышып жана толук кандуу уюштуруу иштерин өздөрү колго алышкан. Мааракеге облустук өкүлчүлүктөн, Нарын райондук, шаардык бийликке, туулуп өскөн Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн атайын өкүлдөр катышып, журналистти кызуу куттукташты.

Белгилей кетсек, “Кыргызстан журналисттер кошуунунун” мүчөсү, Нарын облустук алкакта өткөрүлгөн «Алтын калем» сыйлыгынын эки жолку жеңүүчүсү, кечээки доордо Кыргызстан Ленин комсомолунун курултайынын делегаты жана Тянь-Шань райондук кеңешине депутаттыкка шайланган Күмөндөр Усуптегин 1963-жылы 1-апрелде Тянь-Шань районундагы Дөбөлү айылында туулган. Эмгек жолун чарбада экономист болуу менен баштаган. Бир катар ЖМКларда ийгиликтүү эмгектенип келет.

“ZAMAN Кыргызстан” гезитинин эмгек жамааты дагы агайдын кутман курагы менен куттуктап, ишине ийгилик каалайт!

ГҮЛНУР ЖУМАЛИЕВА

08/11/2013