Акыркы макалалар

«Бош жумуш орундар жана кесиптер - 2013» жармаңкеси болду

Жалал-Абад шаарынын №1 лицейинде «Бош жумуш орундар жана кесиптер - 2013» деген аталышта шаардык жармаңке болуп, анда лицейдин студенттери кыргыздын улуттук кийимдерин жана буюмдарын тигип, ар түрдүү таттууларды бышырып, өнөрлөрүн көрсөттү. Шаардык мэриядан алынган маалыматка караганда, аталган иш-чарага шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева жана окуу жайлардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жармаңкеде жаштардын көркөм чыгармачылыгы менен даярдалган ыр-бийлери тартууланды. Иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты - жумушсуз жүргөн жаштарга жумуш таап берүү жана чет элге кетип жаткан жаштарды Кыргызстанда жумуш менен камсыз кылуу болуп саналат.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

08/11/2013